Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын тургуну Муратбек Эсенканов Туюк-Коо чөлкөмүндө кой катарып жүрүп, дөбөт карышкырды көрүп калган. Аны аты менен кубалап отуруп, атып алган.
«Быйыл кышта 2 карышкыр аттым. Бул Терек аймагында ит-куштан тынч эле. Кара-Суу, Майстан чөлкөмүндө күч болуп жатыптыр. Жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен мергенчилер уюшуп алып, карышкыр атууга чыгып жатабыз. Кечээ, 16-январь күнү кой кайтарып жүрсөм, ылдый жактагы малчылар «этекте 1 карышкыр жүрөт» деп кабарлашты. Дароо элеб баш жагын тосуп, ат менен кубалап барып, атып калдым. Дөбөт карышкыр экен», — деди Муратбек.
Карышкыр аткандарга сый акы берилет. Бирок Муратбек Эсенканов өзүнө да сый акы бериле турганын, бирок качан экендиги тууралуу белгисиз экендигин кошумчалады.
Барчын Мамытбекова