Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектеби алты жылдан бери «Российская газета» уюштурган дилбаяндар сынагына катышып, байгелүү орундарды багынтып, лауреат болуп келишет. Тактап айтканда аталган мектептин окуучулары 3 жолу сынактын баш байгесин жеңип алышкан.
Сынак быйыл «Улуу Жеңиш менин үй-бүлөмдүн тарыхында» деп аталып, ага Кыргызстан эле эмес, Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстандан дагы мектеп окуучулары катышкан.
Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Нарынкүл Асаналиеванын айтымында сынактын жарыясын инстаграмм желесинен алышат. «Быйыл мектептен 19 окуучу катышты. Орун алгандар, лауреат болгондор дагы бар. Сынактын өнөктөшү болгон Central Asia Capital фонду биздин мектептин окуучуларынын ар бир жылдагы сынакка ийгиликтүү жана активдүү катышкандыгы үчүн 10 компьютер (бир компьютердик бөлмө) жана бир принтер белек кылды. Жакынкы убактарда алып келип, орнотуп беришет» деди Н.Асаналиева.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылууда

Кыргыз-Орус Славян университетинде VI сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп, анда Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Аяна Шайлообекова-мугалими Дилдекан Шабданбекова, Б.Календеров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Ханзада Орозбекова-мугалими Ырыскелди Умаров жеңүүчү болду. Мугалимдерге ноутбук, окуучуларга телефон тапшырылды.

Мындан сырткары Самаковдордун үй-бүлөсү тарабынан окуучуларга окуу куралдары белекке берилди
Ал эми «Российская газетанын» тандоосу боюнча орус тили сабагынын мыкты мугалими деп Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин мугалими Айжан Усупова аныкталды.
Эске салсак, бул сынак 2020-жылы COVID илдетинен каза болгон Айчүрөк Самакованын жаркын элесине арналып, аталган басылма тарабынан уюштурулуп келет.
Барчын Мамытбекова