Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылдында электр энергиясын колдонууга коюлган чектөө кеңейтилди.

Баарыбызга маалым болгондой, бул жылы Токтогул ГЕСсинде суунун көлөмү аз болгондуктан, электр энергиясын үнөмдүү колдонуу максатында, электр эсептегичтерге чектөө киргизилген.
Суусамыр айылында кыш мезгили өтө катаал болуп келет, бул жылы дагы өткөн жылдарга салыштырмалуу Суусамыр айылында кыш мезгили өтө суук болуп жатат. Аба ырайынын төмөндөшүнөн улам, электр жарыгынын жардамы менен үй жылытып келген айрым тургундар үчүн өтө ыңгайсыздыкты жаралып, ар кандай ыңгайсыздыктар орун алып келген. Ушул себептерден улам, акылдуу эестегичтерге коюлган чектөө кеңейтилип, тургундарга жеңилдетүү берилди. Бирок бул жеңилдетүү электр жарыгын үнөмдөөсүз колдонууга болот дегенди билдирбейт. Шарт боюнча эгерде электр жарыгын колдонуу учурунда 5 кВаттан ашып кетсе электр жарыгы өчүрүлөт. Таңкы саат 06:00 дон 09:00 го чейин жана кечки 18:00- 21:00 чейин 5 кВт болот, жана башка убакытта 10 кВт болуп, электр жарыгын колдонууда айрым ыңгайсыздыктар жоюлду. Бул дагы болсо Суусамыр айылынын тургундары үчүн жакшы көмөк болду.
Айтурган Кубанычбековна