25-февралда Бишкек шаарында экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынан тандалып алынган беш долбоор гранттык колдоого ээ болду.

Сынак Росатом мамлекеттик корпорациясы жана Е.М. Примаков атындагы Тышкы саясий кызматташтык борбору тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан, Индия, Түркия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүн камтыды.
Сыйлыктарды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова,Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жана “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору тапшырды.

Асель Раимкулова эл аралык деңгээлде экологиялык демилгелерди колдоо маанилүү экенин белгилеп, жаштардын жайыттарды сактоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүдөгү активдүүлүгүн жогору баалады. Анын айтымында, грантка ээ болгон “Чыйырчык” жана “EcoDigital” долбоорлору санариптик чечимдер менен ыктыярчылардын демилгеси табигый ресурстарды коргоодо натыйжалуу инструмент боло аларын көрсөтүүдө.

Конкурстун жыйынтыгында төмөнкү долбоорлор колдоого алынды:
• көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого багытталган “Жүрөк менен көрүү” инклюзивдүү ыктыярдуулук мектеби;
• өспүрүмдөр арасында экологиялык маданиятты калыптандыруучу “Достук дарагы” демилгеси;
• ыктыярчылык маданиятын өнүктүрүүгө багытталган “Жаштар – таза шаар үчүн” долбоору;
• жайыттарды сактоого арналган “Чыйырчык: жайыттарыбызды коргойбуз” экологиялык квести;
• социалдык-экологиялык маселелерди чечүүдө санариптик инструменттерди колдонгон “EcoDigital” долбоору.
“Социалдык жоопкерчилик жана экологиялык багыт – “Росатом” иш алып барган ар бир өлкөдө негизги артыкчылыктардын бири. Аймактын туруктуу өнүгүүсү технологиялар менен катар жарандардын жигердүү катышуусуна да байланыштуу”, – деди “Росатомдун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.
Расмий бөлүктөн кийин катышуучулар өз долбоорлорун кеңири тааныштырып, аларды ишке ашыруунун конкреттүү кадамдары тууралуу маалымат беришти. Авторлор ыктыярчылар менен иштөө, санариптик инструменттерди колдонуу жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу маселелерине токтолушту.
Маалымат үчүн: Экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагы экинчи жыл катары менен өткөрүлүүдө. Анын максаты – ыктыярчылыкты өнүктүрүү, экологиялык маданиятты калыптандыруу, жаштардын потенциалын ачуу жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоо.