2026-жылдын 26-февраль күнү райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы №8 А.Иманбаев атындагы орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук туру уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К. Аттокуров, Кыргыз Улуттук Манас театрынын манасчысы К. Жумалиев жана “Көйкашка” коомдук фондунун төрагасы У. Эркинбеков катышып, жаш манасчыларга жана таймаштын катышуучуларына ак тилектерин жолдошту. Коноктор өз сөздөрүндө өспүрүмдөрдүн руханий дүйнөсүн байытууда жана улуттук баалуулуктарды даңазалоодо мындай иш-чаралардын мааниси чоң экенин белгилешти.
Жыл өткөн сайын “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы окуучулардын тапкычтыгын арттырууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, сөз байлыгын кеңейтүүгө жана сахна маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзүп келет. Айрыкча, улуттун руханий дөөлөтү болгон Манас эпосун жаш муунга терең жана жеткиликтүү окутууда мугалимдердин эмгеги бааланды.
Бул жылы “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына жана “Манас айтуу” кароо-сынагына райондогу 36 мектеп активдүү катышты. Ар бир мектептен үч окуучудан турган бир команда күч сынашты. Ал эми “Манас айтуу” кароо-сынагына 36 мектептен 55 окуучу жана бала бакчалардан 13 тарбиялануучу катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул көрсөткүч иш-чаранын жыл сайын кеңейип, кызыгуу артып жатканын билдирди.
“Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын жыйынтыгы:
Кыргыз тилдүү топтор арасында:
🥇 1-орун — №37 Чекиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Улуу баян» тобу;
🥈 2-орун — №22 М.Жамгырканов атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Кырк чилтен» тобу;
🥉 3-орун — №23 Ормонбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Кыз Сайкал» тобу.
Улуттук мектептер арасында:
🥇 1-орун — №4 Бримкулов атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Кыраан Манас» тобу.
“Манас” айтуу кароо-сынагы (кыргыз тилинде):
🥇 1-орун — Табалдиев Нуртилек (#30 М.Жунусалиев мектеби);
🥈 2-орун — Ташыбекова Айзирек (#41 Ж.Тоялиев мектеби);
🥈 2-орун — Байызбеков Анас (#7 Манас мектеби);
🥉 3-орун — Рыскулбеков Ильгиз (#2 Бөкөнбаев мектеби);
🥉 3-орун — Аскеров Алмамбет (#11 Т.Тешебаев мектеби).
Жеңүүчүлөргө облустук турга жолдомолор ыйгарылып, иш-чаранын соңунда жигердүү катышуучуларга, жогорку упай топтогон окуучуларга жана байгелүү орундарды ээлеген командаларга райондук мамлекеттик администрация тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Мындай таасирдүү иш-чаралар жаш муунду улуттук баалуулуктарды урматтоого, тарыхый мурасты терең өздөштүрүүгө, ата-бабалардан калган асыл дөөлөттөрдү сактоого жана мекенчилдик сезимди бекемдөөгө чоң салым кошот. “Манас таануу” таймашы — бул жөн гана билим сынагы эмес, улуттук аң-сезимди ойготкон, руханий дүйнөнү байыткан маанилүү маданий окуя.

«Манас эпосу — бул жөн гана көркөм чыгарма эмес, кыргыз элинин тарыхын, дүйнөтаанымын, баалуулуктарын камтыган улуу мурас. “Манасты билген жаш — тамырын билген жаш. Тамырын билген муун гана келечекке ишенимдүү кадам таштай алат”, окуучулардын даярдыгы жогору деңгээлде болду, алардын ой жүгүртүүсү, так жооп берүүсү жана сахна маданияты кубандырды. Ошондой эле мугалимдердин эмгегине ыраазычылык билдирем, өспүрүмдөрдү билимге, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана мекенчил болууга тарбиялап келишет. Таймаштын жеңүүчүлөрүнө ийгилик каалайм, облустук турда район намысын татыктуу коргойт деп ишенем» дейт акимдин орун басары Куттубек Аттокуров.
Даярдаган: Азема Кудуева