Элет жеринде жаш келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна, ишкердик менен алектенүүсүнө түшүнбөөчүлүк менен мамиле кылып, тоскоолдуктар болгон учурлар дагы эле кездешүүдө. Ошого карабай күйөөсү иштетпей койгон элеттик келин чоң китеп дүкөнүн түзүүгө жетише алды.
Гулзара Калысова кантип китеп дкнн иштетип ийгиликке жетише алгандыгын айтып берди:
“Мугалим болуп иштеп жүрүп, турмушка чыкканымдан кийин күйөөм иштетпей койгон эле, ошондо эмне болгон күндө деле балдарга жакын болоюн деген максатта колдо бар эле акчам менен өзүм иштеген мектепке китеп алып барып сатып жүрүп, алгач кичине күркө түзүп, андан кийин Сүлүктү-Лейлектин мектептерине китеп жеткирип жүрдүм.
Менин тынбай эмгектенип жатканымды көргөн өмүрлүк жарым, мени аяды окшойт, автоунаасы менен мага жардам кыла баштады. Китеп окурмандарынын мага айткан ыраазычылыктарын уккандан кийин, күйөөм биротоло мага жардамга келип, экөөбүз чогуу иштей баштадык. Учурда заманбап китеп дүкөн түзүүгө жетиштим. Дүкөнүм Исфана шаарындагы азык-түлүк базарынын ичинде. Кызыккандар 0777898883 же 0705898883 номерлери аркылуу байланышса болот.
Буюрса 1-августтан 5-августка чейин жаңы окуу жылына карата “10 % арзандатуу” –деген акция уюштуруп жатам. Бул акцияда ким канча сомго соода кылса, ошонун 10% бекер болот. Бизнестин мындай чоң болуусун өзүм деле күткөн эмесмин. Чыгаан педагог Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” программасынын коомчулукка кеңири жайылуусунан улам, акыркы мезгилдерде элибизде китеп окугандардын саны өсүүдө, мына ушул жагдай заманбап китеп дүкөнүн ачууга себеп болду окшойт”, — дейт Гулзара Калысова.
“Мен Сүлүктү шаары боюнча окуу-тренингдерди уюштуруп, өткөрүп келемин жана №9-гимназияда мугалим болуп иштегенимден улам да 3 жылдан ашык убакыттан бери Гулзара Калысовага китепке буюртма берип, китеп алып келемин. Мага жана китеп окурмандарга ынгайлуу болгону кандай гана китеп болбосун таап, убагында жеткирет. Китептин акчасын да телефонуна бирдик катары салып койсок болду, башкача айтканда төлөм шарттары да кардарлар үчүн ынгайлуу”, — дейт Сүлүктүдөгү гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.
“Окуучу мезгилибизде Гулзара Калысовага эжеден көп китеп алдырып окудук. Азыр Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка Университетинде 2-курсту бүттүм. Айтайын дегеним Бишкектеги китеп сатуу тейлөөсүн көрсөткөн уюмдар да Гулзара Калысовадай сапаттуу, так тейлөө көрсөтө албайт. Гулзара эженин өз ишине чын дилден мамиле кылганы, кичи пейилдиги кардарлар үчүн кам көргөнү ийгиликтерине себеп болсо керек”, — дейт Айзада Эркинова.
Барчынай Алимова