Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 106 миллиондон ашуун киши Covid-19 вирусун жуктурду, 2,3 миллион киши каза тапты. Бул боюнча Сүлүктү шаарында кандай иш жүрүп жатат? Шаардык штабдан маалымат алдык.
«Акыркы мезгилде сүлүктүлүктөрдү эмдөө үчүн 1000 доза вакцина берилген болсо, кыска убакыттын ичинде 900 вакцина менен шаар тургандары эмделди. Белгилей кетсем, бир ай мурда түзгөн чакан штабдарыбыздын ишмердүүлүгү жакшы натыйжасын берип, акыркы 4 күн аралыгында Covid-19 вирусун жуктургандар кескин азайды», — дейт вице-мэр Марзия Сапаркулова.
“Коронавируска каршы эмдөө иштери шаарыбыз боюнча жакшы жүрүүдө, учурда планды 90,7 % аткардык, шаар жектекчилери өздөрү эмдөөдөн өтүп, үлгү болгондон улам болсо керек, коомчулук түшүнүү менен кабыл алды. Пенсия курактагы жарандарыбыз, кенчилер жана мугалимдер эмдөөдөн өтүүдө активдүү катышып жатат”, — дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов.
Бакытбек Сапаркулов