Нарын районуна караштуу Оттук айылында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Оттук ФАПтын медайымы билдирди.
Медициналык кызматкерлер жайлоодогу жашоочулардын ден соолугун текшерип келишти
Жайлоодогу адамдарга эмдөө жүргүзүлүп жаткан учуру
Жайлоодогу адамдарга эмдөө жүргүзүлүп жаткан учуру
«Азыркы учурда айылда эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус оорусу менен катталгандар жок. Ар бир адам өзүнүн ден- соолугуна туура кам көрүшү керек. Учурга байланыштуу адамдар өзү жана жакын адамдары үчүн санитардык талаптарды туура аткаруусу зарыл. Азыркы убакта коронавирус оорусуна каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Айылыбыздын кээ бир тургундары эмдөөгө макул болушса, кээ бирлери баш тартышууда. Бирок вакцина алган адамдарды көрүп, алардын да ойлору өзгөрөт деген ишеничтебиз», — дейт ФАПтын медайымы Зейнура Жамантаева.
Дарыгер: «Коронавирус менен экинчи жолу ооруп калуу коркунучу бар»
Акылай Алмазбекова