9-май Жеңиш күнүнө карата Бишкек шаарынын Vivat кичи-футбол залында OAFC чемпионаты өткөрүлүп, футбол боюнча оюн уюштурулду. Буга Нарын районуна караштуу Оттук айылынан «Аян ынтымагы» командасы катышып, 3-орунду ээледи.
Чемпионатта жалпы сегиз команда ат салышкан. «Аян ынтымагы» командасынын курамында Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары да бар. Алар Сабыркулов Арсен, Эркинбеков Байэл, Ишенбеков Канимет, Фархатов Ислам, Кубанычбек уулу Санжар.
Өткөрүлгөн бул мелдеште «Аян ынтымагы » командасы 3-орунду багындырып сыйлыктарга ээ болушту.
«Аян ынтымагы»командасынын мүчөсү Ишенбеков Канимет уюштурулган майрамдык чемпионат мыкты деңгээлде өткөнүн айтат:
«Жалпы сегиз команда катышып, андан плей-офф баскычка чыктык. Жарым финалга төрт команда чыккан. Анын ичинен бир командадан утулуп, кайра 3-4-орунга ойноп жеңип алдык дагы 3-орунду багындырдык. Оюндун жүрүшү мыкты деңгээлде өттү».
Аталган чемпионат «Аян ынтымагы» коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган. Мындай спорттук оюндар окуучулардын ден соолугуна оз пайдасын тийгизет. Жаш өспүрүмдөр арасында ынтымакты бекемдеп, сергек жашоо образына көнүктүрөт.
Сезимай Эркегулова