Тогуз-Торо районунун Табылгыты айылынын тургуну Уулбу Борукчиева. 2022- февраль айынан бери Аялдар кенешинин төрайымы болуп, үйдө отурган кыз-келиндерди коомдук иштерге тартып келет.
Аялдар кеңешинин төрайымы катары кандай жумуштарды аткарып келе жатасыз?
Мен Аялдар кенешинин төрайымы болуп бекиген күндөн баштап, чын дилим менен болушунча убакыт болуп иштеп келем. Аялдарга тиешелуу семинар, тегерек столдорго активдуу катышып келем. Өзүм эле барбастан айылдагы жумушсуз үйдө олтурган кыз- келиндерден дагы алып барам. Семинардан көп жаңылыктарды алып, өзүбүздү ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Сиздин жетишкендигиңиз боюнча айтып кетсениз…
Менин жетишкеним, жалпы айылдын келиндеринин жетишкендиктери деп мен спорт оюнуна басым жасап, келиндер арасында футбол, волейбол оюндарын байма- бай ойноп келүүдөбүз. Өзүбүздүн айылда, айыл аймактарда активдүү катышып келебиз. Бул да болсо коомго аралашуу деп ойлойм. Аял киши үйдө олтуруп, бала багыш керек, жолдошуна тамак жазаш керек үй тиричилиги менен отуруш керек деп түшүнүп келсе, бүгүнкү күндө биз үй тиричилигине да жетишип, коомго аралашып көп иш чарага катышуу менен иш чара өткөргөнгө да жетиштик.
Аялдар кеңешинин курамы тууралуу айта кетсениз?
Биздин айылда Аялдар кеңеши 3 адамдан турат.
Перизат Калыгулова, Жакшыбү Семеева анан мен Уулбу Борукчиева.
Жалпы мүчөлөрүм менен кеңешип иш алып барабыз.
Кандай гана маселе болбосун кенешип айымдардын группасы аркылуу талкуулап, анан иш алып барабыз.
Аялдардын коомдогу ролу боюнча өз пикириңизди айта кетсениз?
Аялдардын коомдо ролу абдан чон. Азыр гендерлик теңчиликти түшүнүп калган учурубуз. Баардык жерде гендерлик теңчиликти эске алуу менен иш алынып барууда.
Айта кетсем айылдагы жергиликтүү кеңештин депутаттары 11 адам болсо 5 аял адам. Бул маселеде айтчу сөздөр аябай көп. Мисалы футбол оюнун мурда жалаң эркектер ойноп келсе бүгүнкү күндө аялдар да ойноп жатышат. Аял эне, сүйүктүү жар мээримдуу жан. Ал баардык нерсени сезимталдыгы менен сезип назик, этияттуулугу менен калыстап эки жагына тең оорчулук келбегидей чечет деп ойлойм.
-Маегиңизге чоң рахмат!
Бурулкан Кадырбекова