Оро-Башы айылында 90-жылдан бери таза суу жок болчу. Ал эми бүгүнкү күндө айылдын тургундары 8500сомдон чогултуп жана акимчиликтен акча бөлүнүп жалпы 2млн. сомго таза суу киргизилип жатат.
Оро-Башы айылында таза суу киргизилип жатат
Оро-Башы айылы 90-жылы түптөлгөн. 33жылдан бери таза суу маселе болуп келген. Бүгүнкү күнү таза сууну киргизүү үчүн өздөрү, айыл тургундары ашардын негизинде иштеп жатышат.
Оро-Башы айылынын тургуну Нурзаада Мадабаева: «Ар бир участоктон 8500 сомдон чогултуп таза суу киргизип жатабыз. Менин бул жерде жашап жатканыма 15жыл болду, ошондон бери эле таза суу жок. Мурун кичи булактан эшек менен суу ташып келип пайдаланчубуз. Ал эми азыр ар биринин үйүнөн таза суу чыгып калды. Май кымбат болгонго байланыштуу трактор кээ бир жерлерин көмүп берсе, калганын өзүбүз көмүп алып жатабыз».
Нуртилек Айтбеков