Корчкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине «Кызыл ай» коому тарабынан өрт өчүрүүчү шаймандары алынып келди.
Сабит Алыбаев: «Мектептерге өрт өчүрүүчү шаймандар берилип жатат. Бул баардык мектептер үчүн өтө жакшы болду. Себеби булар абдан кеңири колдонулган өрт өчүрүүчү куралдар. Андан башка өзгөчө кырдаал түзүлүп калган учурда керек болгон нерселер, мисалы, катуу үн чыгара турган мегафондор да келди. Мына ушул жабдыктарды кантип туура колдонуу керектиги тууралуу мектептерде окутуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр берилген. Өрт өчүрүүчү калкандар толук жабдылган. Алардын ар биринде экиден лом, күрөк , чака бар. Ошондой эле кум сала турган ящик жана аптечка дагы берилди. Булардын бардыгы азыркы замандын талабына ылайык жабдыктар. Мектеп жетекчилиги, тарбия иштеринин уюштуруучусу менен акылдашып, мектептеги атайын түзүлгөн командалардын жардамы менен мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк болот».
Тилсиз жоого кандай иш чара колдонуш керектигин ар бир бала билүүсүү зарыл. Ошол себептен баланын коопсуздугун сактоо үчүн мугалимдер ар кандай түшүндүрмө иштерин жүргүзүп келишет. Ошондуктан мектептен тышкары ата энелер жана окурман сиз дагы кичинекей балдарга айта жүрүнүздөр.
Кусейин Марат уулу