Чолпон айылы менен Ара-Көл айылдарынын ортосундагы Ак-Белде таштандынын саны уламдан улам көбөйүүдө. Элге өтө чоң залака келтирип, элдин нааразычылыгы күчөдү.
Таштанды өтө чоң көйгөй. Себеби таштанды таштаганда биринчи эле жаратылышка, абага зыянын тийгизет. Таштандыдан чыккан жаман жыт аба аркылуу Чолпон жана Ара-көл айылдарына барат. Жеңил-желпи нерселер (желим баштык ж.б.у.с.)жел болгондо учуп айлана- чөйрөнүн көркүн бузууда. Ал таштандыга малдардын дагы өлүктөрүн ыргытышууда. Таштандынын чеги белгиленип тегерете тосулган. Бирок адамдар ага карабастан сыртына ыргытышууда.
Ал таштандыга малдардын дагы өлүктөрүн ыргытышууда.
Ара-көл айылынын тургуну Марат Арсыбаев:
“Өз туулуп өскөн мекенине, киндик каны тамган жерине таштанды таштоо деген бул чындыгында уят иш. Таштандыны туура эмес таштоо өз өлкөсүнө кыянат кылуу болуп эсептелет. Менин оюмча таштанды аз болуусу үчүн айылдардын кээ бир жерлерине таштанды салгычтарды коюш керек. Антпесек биздин жашап жаткан жерибиз таштандыга толуп кетиши мүмкүн. Башка өлкөлөрдү деле көрүп жатабыз. Таштандыга толуп кеткен. Бирок биз аларды көрүп оңдолбой, тескерисинче ошолорго окшоп бара жатабыз. Ак-белдеги толуп кеткен таштандынын сасыган жаман жыты айылдарга тарап жатат. Анан адамдар кантип оорубасын. Ак-белге адамдар үйүндө эмне таштанды болсо баардыгын таштайт. Жада калса жаныбарлардын (уй, кой, жылкы ж.б.у.с) өлүктөрүн ташташат. Менин айыл тургундарына айтаарым туулуп өскөн жерибизге кайдыгер карабайлы. Таштандынын чеги белгиленип, тосулуптур. Жок дегенде ошол тосулган жердин ичине ыргыталы. Жэ болбосо такыр эле ыргытпайлы. Мекенин таза кармабоо, өз мекенин чанып кетүү менен барабар.”
Таалай Маратов