Ара-Көл айылынын тургундары 17-май күнү жамгырга түлө беришти. Айылда 100 түтүн чогулуп, мечитке олтурушту. «Жаан жаап, күзүндө кырманыбыз данга толсун, элде токчулук, тынчтык болсун»-деп бата тилешти.
Тимур Каипбек уулу асыл тукум Арашан койлорун жайылтуу, багуу боюнча мээнеткеч, селекционер фермер болуп саналат. «Эт жана май багытындагы асыл тукум кыргыз койлорунун» көргөзмөсүндө байгелүү орундарды камсыз кылып келет.
Оро-Башы айылында 90-жылдан бери таза суу жок болчу. Ал эми бүгүнкү күндө айылдын тургундары 8500сомдон чогултуп жана акимчиликтен акча бөлүнүп жалпы 2млн. сомго таза суу киргизилип жатат.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылынын тургуну Асанкожо Кайдулатов 2022-жылдын күз айларынан бери форель балыгын өстүрүү менен алектенүүдө. Балыктар жасалма көлмөдө, толук коопсуздукта өстүрүлөт.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борборунан 25 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте, тоонун боорунан орун алган «Чоң Туз» шахтасында баалуу туз кени бар. Даарылык касиети мол, дартка даба …