Ара-Көл айылынын тургундары 17-май күнү жамгырга түлө беришти. Айылда 100 түтүн чогулуп, мечитке олтурушту. «Жаан жаап, күзүндө кырманыбыз данга толсун, элде токчулук, тынчтык болсун»-деп бата тилешти.
Айылдын элдери мечитке чогулуп, ак дасторкон жайып, жакшы ой, жакшы ниет менен бул иш-чара максатына жетти. Өлкөбүз өнүгүп өсө берсин жана токчулуктун, молчулуктун жылы болсун деген тилектебиз.
Ара-Көл айылдык мечиттин имамы Бактыгул Асанбековдун айтуусу боюнча: «Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты айылдын ынтымагы. Ошол ынтымак бар жерде ырыскы бар. Дан-эгиндерибизди жана мал- жандыка карата баарыбыз биргеликте алакан жайып, Аллахтан жардам сурасак, жардамын аябайт. Баарыбыз биргеликте алакан жайып, жамгыр бере көр, дан-эгиндерибизди мол бере көр, ырыскы, береке бере көр деп үмүт көрүп олтурабыз. 2010-жылдан бери жамгырга түлөө берүү токтоп калган. Ал эми бүгүнкү күндө кайрадан уюштуруп жатабыз.»
Нуртилек Айтбеков