2023-жылдын 15-майынан 24-майына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 4-майындагы № 2275 1-буйругунун негизинде “Баалоо” улуттук программасына баа берүү жүргүзүлүүдө. Бул программанын негизинде «Соң-Көл» орто мектебинин окуучуларынан тест алынды.
Баалоого өлкө боюнча 200 мектептин 4-8-класстарынын окуучулары катышууда. Баалоонун математикалык, окурмандык жана табият таануу багыттары аныкталат. Окуучулар үчүн тесттер жана мугалимдер, мектеп администрациялары үчүн анкеталар сыяктуу баалоо каражаттары кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде даярдалган.
«Соң-Көл» орто мектебинин 4-классынын окуучулары тест учурунда
Ошондой эле, окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн, эмоцияларын башкаруу, чыр-чатактарды жеңе билүү, айланасындагылар менен позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо, эмпатия сыяктуу көндүмдөрү бааланат. Изилдөө баланын мүнөзү анын академиялык жетишкендиктерине жана көндүмдөрүн калыптандырууга кандай таасир тийгизе тургандыгын изилдейт.
«Баалоо» программасынын тесттик ишин атайын адистер келип алышты
Балдардын билим деңгээли баалоо Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору жүргүзүүдө. “Баалоо” улуттук программасы (мурдагы Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо) 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Бул “Баалоо” программасынын негизинде Кочкор району боюнча 3 мектеп тандалып алынган. Алар: И.Арабаев, К.Мамбеталиев, «Соң-Көл» орто мектептери. Ал эми «Соң-Көл» орто мектебинен “Баалоо” тести 4-класстардан 20 окуучудан, 8-класстан да 20 окуучудан алынды. Мунун жыйынтыгын жакында кабарланат.
Хадижа Төлөбалдиева