Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров орто мектебинин окуучулары таңкы көнүгүү жасоо менен сабактарды башташат. Мындай машыгуу ден соолуктарын чындоого жардамы тиет дейт мугалимдер.
Ден соолук эң башкы байлык. Аны эч жактан, эч жерден таба албайбыз. Ден соолугун болуп, бардыгы жетиштүү болсо анда бул жашоодогу эң бактылуу адамсың. Эгерде ден соолугун жок болсо эч нерсеге керегин жок жарабаган бир нерсе болуп каласын. Ар бир адам азыркы учурдан тарта ден соолугуна кам көрүп, эртең мененкисин чуркап, ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасашы абзел. Ушундай эрежелерди Корчубек Акназаров орто мектебинин дене тарбия мугалимдери жана окуучулары сактап келүүдө. Ар бир күндөгү сабак 20 минуталык көнүүгүлөр менен башташат.
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу жана дене тарбия мугалими Адил Жумаалы уулу төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Эртең мененки денеге берилүүчү көнүүгүлөр окуучулардын ден соолугуна түздөн-түз пайдасын тийгизет. Бул таңкы көнүгүүлөр окуучулардын ден соолугунун чындалышына жана сабакка болгон активдүүлүгүнө чоң жардам көрсөтөт. Негизинен жалаң өспүрүмдөр гана эмес, бардык адам 15-20 минуталык эртең мененки көнүүгүлөрдү жазаса, ал адам өзүн сергек, дени сак алып жүрөт. Эртең мененки көнүүгүлөр күн-ай жылыган учурда апрель айынын башында жазала баштады. Мугалимдер жалпысынан биринчиден окуучулар сабакта сергек отурушканын, экинчиден сабакка кечикпей убагында келип, толугу менен катышып жатканын айтып жатышат. Бул көнүгүүлөр мыкты деңгээлде жазалып жатат».
Кубан Абдиев: «Эртең мененки көнүүгүлөр балдардын ден соолугу үчүн бир канча пайда тийгизет. Мисалы, сергек жашоого, активдүү болууга, алдыга жылууга, окууну кызыгуу менен өздөштүрүүгө жана башка. Мектеп окуучулары көнүгүүлөрдү берилүү менен жазап жатышат. Көнүгүүлөр негизинен 15-20 убакыт аралыгында жана көбүнчө башка, бутка, белге, дене бойго басым жасалат. Ар бириңиздерди таңкы көнүүгүлөргө убакыт бөлүп, сергек жашоого чакырам».
Асема Сүйүндүкова