Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Ара-Көл айылындагы фельдшердик-акушерди пунктту (ФАП) оңдоо иштери болуп жатат.
Ара-Көл айылындагы ФАПтын медайымы Жыргал Ишенбаеванын айтуусунда: »ФАПта 2008-жылдан бери эч кандай оңдоп-түзөөлөр болгон эмес. Бул долбоор Максат Дүйшөнбек уулунун салымы аркылуу ишке кирген. Оңдоп-түзөөлөр үчүн 1 миллион 600 миң сом бөлүнүп берилди. Азыркы учурда жумуштун 50% ы бүтүп, 50%ы калды. Сырткы жасалгасы толугу менен бүттү. Имараттын сырткы жылуулугу бекемделип, шыбалды жана чатыры алмаштырылды. Ал эми ички жасалгасы жаңыдан оңдоло баштады.
Бул долбоор эл үчүн абдан жакшы жана элдин колдоосу абдан керек», — деп билдирди.
Максат Дүйшөнбек уулунун айтуусунда ФАП АРИС программасы аркылуу оңдоп-түзөлүп башталган. Бул ишке айыл өкмөт тарабынан да акча бөлүнүп берилип, ишке кирди.
Оңдоп-түзөө иштери быйылкы жылдын 20-сентябрында башталган жана 15-20 кундон кийин иш соңуна чыгат.
Айтолкун Үсөйүнова, Сыймык Турарбеков, Айдана Болотбекова