Дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдө мектеп китепканасынын күнү атайын белгиленет. Бул күн 1999-жылдан бери ЮНЕСКО тарабынан демилгеленип, ар жылы кайсы бир темага арналат. Балдарды китеп менен тааныштыруу, ал аркылуу аркылуу дүйнө таанымын арттыруу, окууга кызыктырууда мугалимдин эле эмес, китепканачынын дагы ролу маанилүү.
Учурда мектеп китепканалары китеп сактоочу жай гана эмес, ар бир окуучу үчүн ыңгайлуу окуу борборуна айланууда. Анткени мектеп китепканаларында окуучулар менен бирге ар кандай иш-чаралар уюштурулат.
Ак-Талаа районундагы 18 жалпы билим берүүчү мектепте атайын китепканалар бар. Аларда окуу китептери жана көркөм жана усулдук адабияттар сакталат. Жетпеген окуу китептерине билдирме берүү менен китеп фондун толуктап турушат жана демөөрчүлөр менен иштешет.
Билим берүү бөлүмүнүн адиси Нурзат Молдакунова китепканачылар менен бирге класстан тышкаркы иштерди бирге алып барабыз дейт: “Китепканачы десе эле китеп таратып коюп отура берген адамды ойлошот. Алардын да өз милдеттери, тиешелүү жумуштары бар. Заман талабына ылайык санариптештирүү, электрондук китепкана менен иштөө жана кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн окутуулар өтүлөт. Ошондой эле китепканачылар мектеп ичинде жаңы келип түшкөн газета, журналдар менен маалыматтарды бөлүшүп турушат”, — деди.
Ал эми Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде эмгектенген Мээрим Алыбаева китепканачы деген кесиптин тарыхына кайрылып, буларды айтты: “Китепканачы байыркы кесип, ага 4,5 миң жылдан ашуун убакыт болду. Ал ɵткɵндү, азыркыны жана келечекти, китеп дүйнɵсүн жана адамдардын дүйнɵсүн байланыштырып турат. Балдар эмес чоңдор деле китеп окубай калдык азыр. Башталгыч класстын окуучулары кызыгып, китепканага баш багып, окуп турушат. Окуучуларды кызыктыруу үчүн ата-энелер менен бирге атайын окуу сааттарын уюштуруу керек деп ойлойм”.
Барчын Мамытбекова