Ак-Талаа районунда «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча кароо-сынак болуп өттү. Райондук билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын маалыматына караганда сынак жобого ылайык 3 номинацияда:
1. Согуш жылдарындагы ырларды аткаруу;
2. Патпиоттук ырларды аткаруу;
3. Көркөм окуу-постановка коюу тапшырмалары боюнча өткөрүлдү.
Аталган сынак КРнын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык мектеп оүуучулары арасында уюштурулду.
Кароо-сынактын жүрүшүндө калыстар курамы ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Согуш жылдарындагы ырларды аткаруу номинациясы боюнча
1-орун Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурзамат Муктаров
2-орун Б. Календеров жана М. Баетов атындагы орто мектебинин окуучулары Айжигит Чороев жана Жазайым Асанова
3-орун Н. Жыргалбекова жана А. Абдраимов атындагы орто мектебинин окуучулары Сезим Карбозова жана Алеля Бакытбековаларга ыйгарылды.
Ал эми 2-номинация боюнча
1-орунга А.Турдакунов атындагы орто мектебинин окуучусу Алтынай Жаныбекова
2-орунга А.Абдраимов жана Э. Карасартова атындагы орто мектебинин окуучулары Элнурбек Ашымов жана Калмырза Бекжанов
3-орунга Ш.Бейшеналиев, Ж. Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучулары Медер Таштанбеков жана Баэл Ажыбеков татыктуу деп табылды.
Көркөм окуу номинациясы боюнча
1-орунду А.Абдраимов атындагы орто мектебинин окуучусу Айдана Жумгалбекова
2-орунду Э.Мейманов, Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебинин окуучулары Мунара Кенжебекова жана Калипа Нейманбекова
3-орунду М.Баетов жана Б. Мүсүралиев атындагы орто мектебинин окуучулары Жазайым Асанова жана Улук Каныбек уулу жеңип алышты.
Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.
Ар бир номинация боюнча 1-орунду камсыз кылган катышуучулар сынактын облустук туруна катышат.
Барчын Мамытбекова