Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Кундузбек Токтогул районунун бир катар айыл аймактарын кыдырып айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Айыл тургундары менен жолугушууда таза суу, агын суу, бала бакча, мектеп салуу жана башка орчундуу көйгөйлөр көтөрүлдү.
Эл өкүлү тургундар тарабынан көтөрүлгөн ар бир көйгөйдүн чечилүүсүнө, көмөк көрсөтөөрүн жана жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Элдин баардык көйгөйүн угуп жана депутат жакында чечилүүчү көйгөйлөр боюнча маалымат берди.
2024-жылы пландаштырылган иштер менен тааныштырып өттү.
1.Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарынын таза суусу капиталдык ремонттон өтөт.
2.Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинин кичи корпусунун куруу иштери башталат
3.Чолпон-Ата айылына жаңы мектеп салынуу каралаарын баса белгиледи.
Айыл тургундары Кундузбек Кошалиевичтен айылдын көйгөйүн чечип, бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болуп, Токтогул жергеси өнүксө деген ойлорун айтышты. Эң негизгиси айыл тургундарынын маселеси болгон таза суу, агын суу, бала бакча, мектеп, айылда дарыгерлердин жетишсиздиги ж.б маселелер Жогорку Кеңеште каралсын деген талаптарын билдиришти.
Арууке Эсенбекова, Аделя Бакытбекова