Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде 2024-жылдын 12-апрелинде Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов, Эки-Нарын айылындагы М. Мамбетов, Таш-Башат айылындагы Д. Мамбетов жана Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектептеринде балдар арасындагы жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Профилактикалык иш-чаранын максаты — жашы жете элек балдарга карата жасалган зомбулукту, ырайымсыз мамилени, үй-бүлөлүк зомбулукту, өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланууну, эрте никеге турууну, адам сатууну, өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти болтурбоо жана алдын алуу.
Түшүндүрүү иштерине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна жана тиешелүү тармактык мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна
Таш Башат айылы, мугалимдер
Өмүр Токтосунов мектебиндеги жолугушуу
Ата-энелер
Индира Мөндүрбаева