Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейинде жаштар үчүн уюштурулган иш чара, Улуу Британиянын Линкольн университетинин колдоосу менен Кыргызстанда, Индонезияда, Руандада жана Непалда дагы ишке ашырылууда. «Тынчтык үчүн исскуство» аталышындагы эл аралык долбоорго №43-кесиптик лицейдин окуучулары жана Бишкек шаарындагы №87 жана №78 орто мектептеринин жаштары биригип жалпы 60 катышуучу катышышты. Аталган иш-чарада жаштар бир жарым жыл бою үйрөнгөн искусствонун ар кандай түрлөрү болгон театр, видео, сүрөт, комикс, музыка аркылуу өз сезимдерин жана тажрыйбаларын билдирүү жана ошондой эле чыгармачылыкта жаштар менен чоңдордун ортосунда байланыш түзүү көндүмдөрүн ортого салышып тажрыйба алмашышты.
Бул иш-чара Кыргызстанда эки жерде жүргүзүлүүдө: Жаны-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейде «Magic Theatre » (Тетр Магиясы) долбоорунун алкагындагы «Жаш Кубат» театрынын жетекчилиги астында жана Бишкек шаарындагы мектепте «Исскуство аркылуу диалог» деп аталып, бул долбоор «Эл аралык толеранттуулук үчүн » фондунун жетекчилиги астында ишке ашырылууда.
Бул убакыттын ичинде долбоордун катышуучулары театралдаштырылган оюн-зоокторду, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп, жаштардын муктаждыктары жана бакубат келечек жөнүндөгү ойлору тууралуу видеороликтерди тартышты.
Бул иш-чарада Кыргызстандагы эки долбоордун катышуучулары маалымат алмашып, алар эмнени үйрөнүшкөндүгүн, алардын жыйынтыктарын белгилешип жана долбоордун таасири кандай болгондугу тууралуу талкуулашты.
Иш-чаранын атмосферасы эркин жана достук маанайда өттү. Ар бир катышуучу өзүнүн актёрдук чеберчилигин көрсөтүүгө, адамдын жеке сапаттарын ачуу жана анын сырттан бардык өнүгүүсү үчүн искусствонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу диалогго катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Бишкектен келген коноктор лицейди, анын жакшы сакталган аймагын, кооздолгон залдарды, кеңселерди сүйүү жана чыгармачылык кызыгуу менен тосуп алышты.
Эл аралык долбоордун жыйынтыгында жаштар Индонезиянын, Руанданын жана Непалдын жаштарына ысык салам жолдошуп, алар да учурда өз өлкөлөрүндө ушундай жолугушууларды өткөрүп жатышкандыгынан кабардар болушту.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Турсун Омуралиева