Ак-Талаа райондагы Тоголок Молдо айыл аймагынын Кадыралы айылындагы совет мезгилинде курулган суу жүрүүчү лотокторду оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Оңдоо иштери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагында жасалууда. Айыл башчысы Соңколбек Кайымбек уулунун айтымында лотоктордун эскилиги жетип, колдонулбай калган.
Жасалып жаткан суу лотогу
Кадыралы айылынын башчысы Соңколбек Кайымбек уулу
“Бул жумуш толугу менен ишке берилип бүтүп калса дыйкандардын үлүш жерлери, ошондой эле айыл ичиндеги баксалар жайында суу менен камсыздалып, тартыштыгы чечилет эле. Буга чейин сугат суусу чоң сай менен келчү. Жайдын ысыган мезгилинде сайга түшкөн суу толук жетпей, ар кай жерде сиңип, аз бөлүгү гана жетчү. Анын үстүнө кар аз жаап, дыйкандардин эгин, беде аянттарына толук суу жетпей калчу. Мындан улам кеч сугарылып түшүмдүүлүк аз болуп, бир топ көйгөй жаратып келген. 134 400 сом акча каражатты өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, ага шагыл, цемент ж.б керектүү каражаттарды сатып алууга жумшап жатабыз», — деди.
Ондоо иштерине муниципалдык ишкананын техникасы тартылды
Лотокторду оңдоо иштерине айыл тургундарынан 25 киши тартылган. Алардын эмгек акысы программа аркылуу төлөнөт. Оңдоп-түзөө иштерине муниципалдык ишкананын техникасы тартылды.
Барчын Мамытбекова