Кант шаарындагы №2 Какиш Рыскулова атындагы жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн Москвадагы «Мурас-этно» театрынын негиздөөчүсү Бактыгул Омуралиеванын ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүлдү.
Презентацияда Бактыгул Омуралиеванын Москвада жүрүп, мекенин сагынган жердештерине улуттук калориттеги тушоо той, үйлөнүү той сыяктуу кыргыздардын каада-салттары менен кадимки Кыргызстанда жүргөндөй кылып той өткөрүп кызмат кылганы жөнүндө маалымат берилди.
Окуучулар бул ишкер айымдын башка мамлекетте иштеп жүрүп, театр ачканын кубануу менен кабыл алышты. Класстагы кээ бир окуучулар ата-энелеринин Орусияда мигрант болуп иштеп жүргөнүн айтышты жана Бактыгул эжедей ишкер аялдардын жасагандарын көрүп, ата-энелери менен сыймыктанарын билдиришти.
Бактыгул Омуралиеваны кээ бир адамдар «эмнеге ушунун баарын жасап жатасың? эмнеге убара болосуң? жөн эле жүрө бербейт белең?» деген суроолорду көп беришет. Бирок, анын чет мамлекеттеги көп кырдуу таланты бар кыргыздардын башын бириктирип, концерт, иш-чара, жолугушууларды уюштуруп келгени ар дайым айтылып келет жана мекендештеринин гана эмес, жаш муундардын да ыраазычылыгына ээ боло алды.
Ишкер айым жөнүндө макаланы шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыңар:
Венера Шонкоева