Гулбайра Сүйүналива Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлүп чоңойгон. Кесиби боюнча дарыгер. Жашоо шартка байланыштуу Орусияга миграцияга барып, ишкерлигин баштаган. Максаты балдарын өнүктүрүү болгон.
Гүлбайра Сүйүналиева ишкерлигинин алгачкы кадамдарын экинчи баласын төрөгөндөн кийин, декреттик өргүүгө чыкканда айылдагы кошунасынын жардамы менен баштаган.
“1995-жыл болчу, союз урап, жашоо начарлай баштаган. Чогултуп койгон 2000 сомдой акчам бар эле. Ошол учурда кошунам Орусияга барып келип иштеп жаткан, мен ага кошулуп барып калдым. Кошунам Кыргызстандан кургатылган жемиштерди ташып соода кылып турган, ага кошулуп 5 кап кургатылган жемиштерди алып Орусияга жөнөдүм”.
Гүлбайра Сүйүналиева алгачкы ишин баштап жатканда түрдүү көйгөйлөргө кабылганын билдирди. Башында жашылча сатып көрүп кайсыл тармак кирешелүү экенин билбей жатканда, кийим сатуу чечимин кабыл алганын айтат. Сиңдилери менен Алматыдан Новосибирск шаарына товар ташыган айымдар өздөрүнүн жоопкерчиликтүүлүгүн, эмгекчил экендигин көрөзө алган.
“Сиңдим товар алууга барганда ошол жакта иштешкен уйгурлар джинсы шымдарын сатууну сунуштаптыр. Башында 1-2 каптан кийим алып келип жатты. Кийин 200 каптан ташып калдык. Таза иштеген үчүн ушундай ишеним артты. Джинсыларды алып биз аларды азербайджан, кыргыз, орус баарына кайра сатууга берип жаттык. Кийинчирээк коңшу шаарлардан келип, алып башташты. Биз кошумча өзүбүзгө жумушчуларды алып иштете баштадык. 15 чакты адамды жумуш менен камсыз кылдык. Алардын баары жакшы йигиликтерге жетишти. Үй алгандары үйлүү болду, окуйм дегендери окуду”.
Гулбайра айым Орусияга келип алгачкы кадамын таштагандан бери арадан 30 жылга жакын убакыт өтүп кеткен. Ал күндүн ысык суугуна карабай, уйкудан калып эмгектенип, 2016 жылы соода тармагын токтоктконун айтты:
“Айымдар кыйынчылыкка карабай, ар бир ишти ийгиликтүү алып кетет деп айта алам. Ишим ийгиликтүү болсун деп көп учурда уктабай иш менен алек болуп жүрдүм. Ушундай калыпка организм дагы көнүп калат экен. Арадан 6 жыл өтсө да уйкум калыбына келген жок. Түндө толук уктабайм, улам ойгоно берем. Ошондуктан туура уктоого да көңүл бөлүш керек деп кеңеш берет элем. Анткени натыйжасы ушундай оор кырдаалга алып келет»
Ишкер айым иши менен бирге 5 баланы дагы өстүрүп, алар учурда Орусия, Кыргызстандын чемпиондору болгондугу менен сыймыктанат:
Ишкер айым иши менен бирге 5 баланы дагы өстүрүп, алар учурда Орусия, Кыргызстандын чемпиондору болгондугу менен сыймыктанат:
“Үй-бүлөм жөнүндө айтсам 5 балам бар. Беш баланы жалгыз өзүм кудайдын гана жардамы менен колдоп, кубаттап, өстүрдүм. Жолумжу жолдоп улуу балам өзүнүн ишин ачып, ишкерлик менен алектенет”.
Улуу баласы футболчу, спорт чебери. Бүгүнкү күндө эки баланын атасы ишкерлик менен алектенип, эт сатат.
Экинчи уулу грек-рим боюнча Орусиянын, Кыргызстандын чемпиону.
Махабат, Табигат, Насыйкат аттуу кыздары гимнасткалар. Улуу кыздары гимнастика боюнча чемпионкалар, көп йигиликтерди багындырышкан. Учурда тренердин жардамчылары болуп эмгектенишет. Кенже кызы 9 класстын окуучусу:
“Кыздарымдын баары спорттун мастерлигине кандидаттар. Келечекте Кыргызстандагы гимнастиканы өнүктүрсөк деген максатыбыз бар. Ал үчүн атайын педагогикалык билим керек болгондуктан экинчи кызым Дене тарбия институтунда окуп жатат. Улуу кызым Кыргызстандан окууга тапшырып, бүтүрүп алсам деген ниети бар”.
Гулбайра Сүйүналиванын ишкерлик кылууга 5 баласы түрткү болгон. Ал балдарын ийгиликтерге жеткирүү үчүн болгон аракетин жумшаганын айтты:
“Балдарымдын чемпион, ийгиликтерге жетиши үчүн жалаң гана ишкерлик менен алектенбестен, аларга дагы көңүл бурганга аракет жасадым. Түндө соода сатык иштери менен алек болсом, күндүзү сөзсүз балдарым менен иштедим, аларга көңүл буруп, өнүктүрүүчү кружокторго алып барып жаттым. Кыздрымдын чемпионаттарга кийген бирөөсүнүн кийими 70 миң рубль турат. Менде болсо 3 кыз. Ал үчүн түнү бою эмгектенем, күндүз кыздарымды тренировкаларына киргизип коем дагы, кийим алмаштырчу жерге отуруп уктап жүргөн күндөрүм дагы болду».
Бүгүнкү күнү Гүлбайра Сүйүналиева “Ак-Ниет” коомдук фондун жетектеп, айымдарга жардам берип келет.
Фонд 2020-жылы негизделген. Башкы максаты Орусияда жүргөн кыргыз жаш өспүрүмдөр өз тилин, салтын унутуп калбасы үчүн түрдүү курстарды өтүү болгон. Ошол жакта иштеген айымдар, балдар үчүн акысыз курстарды өткөнгө макулдугун берген. Ал эми пандемия учурунда фонддун мүчөлөрү болгон күчүн кыйын абалда калган жердештерине жардам берүүгө жумшашкан. Ишмердүүлүк бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө.
Айгүл Сакеева