Токтогул районунун билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи Боржуева Астра шайланды. Ал билим берүү бөлүмүндө көп жылдан бери иштеп келген, жана өзүнүн билим берүүдөгү алгачкы кадамдары, пландары жана алгылыктуу иштери менен бөлүштү. Азыркы убакта окуучулардын билим сапаты, жогорку республикалык тестирлөөгө болгон даярдыктар, мониторинг, олимпиадаларга даярдык боюнча да кеңири токтолду.
Астра Боржуева 2004-жылдан бери Токтогул районундагы билим берүү бөлүмүндө эмгектенип келет. Бөлүмдө иштегенине 15 жыл болду, ал эми педагогикалык стажы 33 жыл. Астра Боржуеванын алдыга койгон максаттары — билим берүү системасындагы окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, окуучулардын билимге болгон кызыгууларын арттыруу. Андан сырткары балдарды кубаттоого көңүл буруу менен окуучуларга мааниси терең нарктуу, салттуу иш-чараларды байма-бай өткөрүү.
«Окуучулардын билим сапатын көтөрүү үчүн албетте мугалимдердин квалификациясы талапка жооп берүүсү керек. Ал үчүн мугалимдерди атайы курстардан өткөруп туруу керек. Ошондой эле окуучуларды республикалык тестирлөөгө даярдоочу критерийлер бар .Ошолордун негизинде мугалимдерге милдеттендирүү менен жоопкерчиликтерин күчөтүп окуучулар менен тыгыз иш алып баруу», — деп билдирет Астра Боржуева өз сөзүндө.
Райондук билим берүү бөлүмүндө акыркы 10 жылдан бери ийгиликтүү жетишкендиктер болгонун дагы белгиледи. Жалал-Абад облусу боюнча өткөрүлгөн олимпиадаларда Токтогул районунун окуучулары алдыңкы орундарды алып келишет.
2024-жылдын январь айында олимпиаданын райондук этабы башталат. Азыркы иштер райондук олимпиаданы ийгиликтүү өткөрүүгө жумшалууда, андан соң облустук этабына даярданабыз”, — деди ал маегинде.
Арууке Эсенбекова, Азема Кудуева.