USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына карата ар түрдүү жанрдагы 1500 балдар китептерин жараткан жергиликтүү авторлор менен балдардын арасында байланыш түзүү жана китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында “Авторлордун китеп кербени” аттуу иш-чара өткөрдү.
.
18-19-декабрда, китеп кербени Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы коомдук китепканадан баштап Ысык-Ата районундагы Кеңеш, Жээк айылындагы орто мектеби, Кант шаарындагы А.М.Мурсабаева атындагы №4 орто мектебин кыдырып, ал жерде башталгыч класстын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер, китепканачылар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү арасында китеп окуунун маанилүүлүгүн жайылтуу ишин алып барышты. Иш чаранын жүрүшүндө, ар бир автор өзү жазган китепти балдарга окуп берип, алар менен китеп тууралуу баарлаша алышты.
Жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор менен биргеликте иштелип чыккан жаңы китептер үй-бүлө жана достук, сый-урмат, көп түрдүүлүктү таануу сыяктуу баалуулуктарды илгерилетет жана балдардын билим алууга болгон ынтызарлыгын жана чыгармачылыгын өнүктүрөт.
Венера Шонкоева