Тажрыйба алмашуу турунун алкагында райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери усулдук колдоо көндүмдөрүн жакшыртышты
2023-жылдын 20-24-ноябрда, башталгыч класстын мугалимдерине методикалык колдоо көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен окуу-методикалык кабинеттердин жана райондук, шаардык методисттери үчүн тажрыйба алмашуу туру болуп өттү.
Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык — Көл, Талас жана Чүй облустарынан келген 30 методист катышып, алар Ош шаары, Ош облусу, Жалал-Абад шаары жана Жалал-Абад облустарындагы башталгыч мектептерде окууну, жазууну жана математиканы окутуу боюнча усулдук иштерди алып баруунун жана башталгыч класстардын мугалимдерине методдорду өздөштүрүүдө колдоо көрсөтүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен таанышышты.
20-ноябрда, турдун катышуучулары Ош облусунун Билим берүү институтунда усулдук иштер бюнча укуктук-ченемдик документтер менен таанышышып, SabakApp электрондук тиркемесинин жардамы менен мугалимдерге усулдук колдоону уюштуруу; электрондук китептердин, балдар адабиятынын окуучулардын математикалык көндүмдөрүн жакшыртуудагы ролу талкууланды. Ош шаарындагы “Жетиген” лицей-мектебинде “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз!” республикалык сынагы аркылуу жетишкен ийгиликтер жана ата-энелер чогулушун өтүүнүн жаңы стратегиялары боюнча мастер-класстар өттү.
21-ноябрда, турдун катышуучулары ОшМПУда кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарын мугалимдердин муктаждыктарына ылайык пландоо жөнүндө кеңири маалымат алышты. Ал эми Ноокат районуна караштуу К. Бобулов атындагы «Баргы» орто мектебинде Математикалык сандыкчанын элементтерин натыйжалуу колдонуу, BaalooApp электрондук тиркемесинин жардамында окуу жана математикалык көндүмдөрдү жакшыртуу боюнча ачык сабактарга катышышып, баарлашууга мүмкүнчүлүктөрү болду.
Ал эми 22-23-ноябрда, катышуучулар Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы мектеп гимназиясында жана Жалал-Абад колледжинде “Окуу керемет!” долбоору менен жемиштүү кызматташуу жөнүндө баяндоого, окуу жана математика боюнча үлгү сабактарга күбө болушту. Ошондой эле “Насаатчылык, кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү жана жаңы иш баштаган мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү” аталышындагы тегерек столго активдүү катышып, пикир алмашышты.
«Мен биринчиден ушул окуу туру аркылуу Жалал-Абад шаарына келип мугалимдер менен жолугуп, ”Окуу керемет» долбоорунда аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышып жана жыйынтыктарын көрүп жатканыма абдан кубанычтамын.
Мен көптөн бери бүгүнкү, ”Окуу керемети» аталышы айтылгандай керемет сабактарды чындыгында көрө элек болчум», — деди өз сөзүндө Билим берүү жана илим министирлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси жана Жалал-Абад облусунун куратору Гүлнара Ибраимова.
“Бүгүн Айнура Алибековнанын башталгыч класста өткөн ачык сабагына күбө болдук. Ошондо бүгүнкү заманбап санарипти колдонуу менен окуучуларды акыркы заманбап ыкмаларды пайдаланып эле, билим берип койбостон балдар менен баарлаша билүү жаатындагы өзгөчө тажрыйбаларды көрсөткөн Айнура Алибековнага абдан ыраазы болдум.
,,Окуу керемет» долбоорунун көрсөткөн жолдору, үйрөткөн тажрыйбалары Жалал-Абад шаарынын мугадимдери жаңы нерсени кабыл ала билүү, умтулуу жана жаңычылыкты күнүмдүк турмушунда колдонуу билүү өзгөчөлүктөрүн байкадым.
Мен Орусиянын тажрыйбаларына көп жылдан бери кызыгып жүрөт элем. Аларда 1-класстан башталат, илимий изилдөө долбоорлору башкача айтканда ар бир ата-энеге бакты дайындап коёт экен. Биринчи классынан эле бак качан бүчүр байлай баштагандыгын, күндөрүн, сааттарын күндө жазып турушат. Мен ошонусуна аябай кызыктым.
Бүгүн экинчи сабагыбызда Назира эжекебиз өзүнүн окуучулары менен бирге бөдөнөнү өстүрүп, чоңойтуп, көбөйтүп, жасаган иштерин менен мени абдан кызыктырды, алар ушундай сонун тажрыйбаны көрсөтүштү.
Бул балдарды турмушка даярдоо, зат атооч деген эмне?, сын атооч деген эмне? же болбосо жөн гана тажрыйба алмашуу түрүнүн катышуучулары жер-жерлерде методикалык иштерди андан ары пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча идеяларды алышып, кесиптештери менен пикир алмашышты. Ошондой эле алар жаңы үйрөнгөн мыкты методикаларды жана тажрыйбаларды өз райондорунун мектептерине жайылтуунун эң эффективдүү жолдорун да аныктай алышты.
Мугалимдердин бүгүнкү күндүн биринчи максаты бала турмуш жолуна аттанганда эмне кыла алат, 11 жыл алган билими турмуштук жолуна пайдасы тиеби же тийбейби? Мына ошол негизги маселе. Балдардын айтып жатканда көздөрү жанып жатканын көрүп, өздөрү кармалап, насаатчысы менен биргеликте жасап жатканы, такыр болбоду дегенде кийин тоок бакса дагы нан таап жей турганына көзүм жетип аябай сүйүндүм. Кыскасы окуу турунун аягында ушул жерге келип күбө болгонума, Жалал-Абад областына куратор катарына алгачкы ирет келип, таанышып жатканыма аябай кубанып отурам. Жыйынтыгында эмнени айткым келет, ушундай мүмкүнчүлүктүү түзүп, иштеп жаткан “Окуу кереметке” терең ыраазычылык билдиребиз, албетте министирлик менен биргеликте ушундай иштер жүрүп жарат.
Экинчиден “Окуу керемет” аркылуу бир канча мугалимдердин саны көбөйгөндүгү абдан кызыктырат.
Үчүнчүдөн мен айтар элем, мугалимдер бирин-экин гана деңгээлде болбостон келечекте массалык түрдө жалпы мугалимдерге жайылтылса, жыйынтыгын жалпы мамлекеттик дээңгелде көрсөк, биздин максатыбыздын туу чокусуна жеткендигибиз болот эле.
Чоң рахмат мен абдан кубанычтамын.
Албетте,буга чейин теориялык жактан маалымдар болуп тургандыгыма караганда, мына азыр келип практика жүзүндө көзүм менен көргөнүм бул таптакыр башкача, уккан башка көргөн башкача экен. Көзүм менен көрүп көөнүм толуп сүйүнүп турган убагым. Сиздерге жалпы мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдирем жана ушундай жыйынтыктарга жетише бергениңиздерге тилектешмин-деди Билим берүү жана илим министирлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси жана Жалал-Абад областтынын куратору Гүлнара Ибраимова.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу бул жерде мен өзүмө керектүү эң сонун нерселерди алдым. Мындайча айтканда дагы “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз” деген долбоордун негизинде балдардын өзүнүн чыгармачылыгы менен келечектеги турмушка даяр болуу жагын экинчи жагынан электрондук портфолионун түзүү жеке эле башталгыч класстар эмес жогорку класстарда дагы колдонуп, ата-энелер менен иштөөдө колдонсо эң сонун болот деп ишенем анткени керек экен биринчиден усулчудардын ишин жеңилдетет, экинчиден ошол мугалимге критерийлерди портфолиодон эле чыгарып койсо болот экен-деп өз оюн айтты.
Мен Өзүбекова Нарынгүл Асанбековна Чүй областына караштуу Панфилов районундагы билим берүү бөлүмүнүн алдында усул каана башчысы болуп иштейм.
«Республикалык окуу турунда өзүмө көп нерселерди камтый алдым жылдык планыма киргизе турган иштерди дагы камтыдым. Ош областынан кийин, Жалал-Абадка келгенде да бүгүнкү күндө эң негизгиси изилдөө долбоору абдан жакты ошол изилдөө долбоору кандай даярдап аткан мугалимдин усулу дагы ушунчалык жогорку деңгээлде экендиги мени аябай таң калтырды балдарды дагы жогорку деңгээлде даярдаган ошону ала алдым».
Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук каанасынын усулчусу Буусадат Саттарова “Бүгүн биз Жалал-Абад шаарындагы Осмонов атындагы мектепте окуу турун өткөрдүк. Биз ачык сабактарга кирдик, изилдөө долбоорун көрдүк. Биринчи ачык сабакка киргенде мугалимдин өтө тажырыйбалуу мугалим экендигин аныктадык жана ошол мугалимдин көп ыкмаларын мектептерге жайылтам деп өзүмө жазып алдым. Мага бул окуу туру аябай жагып жатат уюштуруу жагынан өтө жакшы уюштурулган жана сабактар жаңы жүздөр, жаңы мугалимдердин ыкмалары, стратегияларды колдонуулары, суроолор, тапшырмаларды түзгөндөрү баары кызыктуу.
Мен Нарын обласындагы Ак-Булак районундагы билим берүү окуу усулдук каанасынын башчысы Чынар Сатындиева Республикалык окуу туру абдан жогорку деңгээлде өтүп жатат. Өзгөчө аймактардан келген методистер мыкты тажрыйба алмашып, айрым бир жакшы иштерди алып кетип, өзүбүздүн районго, областка жайылтууга алдык. Эң негизгиси Ош жергесиндеги окуу турунан изилдөө долбоору мага абдан жакты, буйруса ошол изилдөө долбоорун өзүбүздүн областка алып барып жайылтабыз деген ойдомун.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын башчысы Жаркын Маматова: Төрт күндүк республикалык окуу туру көптөгөн республиканын аймагындагы методистерге ошондой эле кесипкөй адистерге өтө чоң жардам берүүдө, ал тургай азыркы күндө окуу турларынын ачык сабактары, мастер класстары, көргөзмөлөрү катышкан мектептер дагы өздөрүнө чоң мотивация алды деп ойлойм. Бул окуучулар үчүн жана мектеп мугалимдери үчүн дагы билимге болгон кызыгууну жаратты. Билим берүү министрлигинен Кыялбек Акматов, Гүлнара Ибраимова ошондой эле окуу керемет долбоорунун директору Сауле Хамзина, директордун орун басары Нургул Токтогулова эжекелер катышышты жана республиканын жети дубанынан методистер келишти.
Жалал-Абад областы Ош областынан кийинки турда өзгөчө аракеттер менен семинардын катышуучулардын тосуп алышты. Жалал-Абад шаарындагы N5 Бекмамат Осмонов атындагы гимназия мектебинде өткөрүлүп жатат. Жалал-Абад областындагы ушул долбоордун координатору Аскат Алимбеков, Элмира Айычиева, Айпери Калыбек кызы өтө чоң уюштуруу менен алып барышууда.
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 000 окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1679 мектепте ишке ашырылып жатат.
Жаркынай Маматова, Гулназ Камбарали кызы