«Мектеп лигасы» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Ноокат районундагы мектеп окуучулар арасында жеңил атлетика боюнча райондук мелдеш болуп өттү. Ноокат районунун биринчилигинде 2007-2008-жылкы балдар арасында 3000 метр аралыкка чуркоо мелдеши да болууда.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Ысак Арстанов «Бул мелдешке жалпысынан 15 окуучу катышты. Алардын арасынан 9 окуучу Крос мелдеши боюнча катышты, 6 окуучу Лига мелдеши боюнча катышты. Крос мелдеши боюнча 1-орунду Камалов Нурмухаммед, Токтосунова Жумагүл, Акматалиев Баэл, Умаралиев Самат багындырды.
2-орунду Маматазимов Каниет, Ибрагимова Самира, Баймуратов Даниел багындырды.
Ал эми 3-орунду Мурзалиев Мурас, Кубатов Нурислам камсыз кылды. Окуучуларга кааларым мындан ары да талыкпай аракет кылуу жана көптөгөн ийгиликтерге жетүүсүн каалайм.»
Жумагүл Көчкөнбаева