Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Аталган сынакка Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучулары катышып, эмгектерди атайын түзүлөн комиссия курамы карап чыкты.
Ак-Талаа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн офицери Руслан Токтобековдун маалыматына караганда окуучуларга өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ишмердүүлүгүн чагылдыруу тапшырмасы берилген жана бир нече эмгектер келип түшкөн. Ошондой эле ал мындай сынактар жылына 2-3 ирет өткөрүлөрүн кошумчалады.
Айнуру Токтоболотова 5а-классынын окуучусу
Маржан Дүйшөналиева 5г-классынын окуучусу, жеңүүчү
Айпери Турусбекова 5г-классынын окуучусу
Жыйынтыгында «мыкты» деп табылган сүрөт ээлерине баалуу белектер тапшырылды.
Барчын Мамытбекова