Ак-Талаа районунда 8-март Аялардын Эл аралык күнүнө карата билим берүү мекемелеринде эмгектенген айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Ага райондогу мектеп жана бала бакчалардан жалпы 23 команда катышты.
Аталган мелдеш агартуу кызматкерлеринин кесиптик уюму тарабынан уюштурулуп, 30миң сом бөлүнгөн.
Уюмдун төрагасы Урмат Жылтыровдун айтымында аталган мелдеш жыл сайын майрамды утурлай билим берүү кызматкерлеринин арасында ынтымакты чыңдоо, сергек жашоо образын калыптандыруу, күчтүү командаларды аныктоо максатында уюшурулуп келет.
Жыйынтыгында волейбол боюнча
1-орунду жеңип алган А.Абдраимов мектебинин командасы
3-орунду камсыз кылган Ш.Бейшеналиев мектебинин волейбол командасы
1-орун А.Абдраимов атындагы орто мектеби
2-орун Ж.Сатылганов атындагы орто мектеби
3-орунга Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби жеңип алды.
Ал эми аркан тартыш оюну боюнча
1-орун К.Молдобасанов мектеби
2-орун Э.Мейманов орто мектеби
3-орун Ш.Бейшеналиев мектептери камсыз кылды.
Жеңүүчүлөргө кесиптик уюм тарабынан акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары М.Баетов атындагы орто мектебинин директору ЭмилбекСүйүнбек уулу волейбол боюнча 1-орунду алган командага көлгө эс алууга үч күндүк жолдомо берди.
Барчын Мамытбекова