Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде тарых мугалими Мээрим Акматалиева «Кыргызстандагы таш доору» атындагы көргөзмөлүү ачык сабак өттү. Ачык сабакка электр газ менен ширетүүчү кесибинде 1-курсунда окуган 482-группасынын окуучулары жана окуу жайдын жаш мугалим устаттары катышышты. Ачык сабак абдан кызыктуу, интерактивдүү метод менен өтүлүп окуучулар активдүү катышты жана берилген суроолорго жооп беришти.
Мээрим Акматалиева замандын талабына жараша окуучуларды кызыктырып, активдүү катыштыра алды. Сабак максатына жеткендигин катышкан мугалимдер белгилешти.
Акылбекова Сезим, Баястанова Бегайым