23-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Камал Надиров атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Аалам алпы» аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга 80 ге чукул мугалим катышты.
Ноокат райондук сотунун судьясынын жардамчысы Баял Туратовдун билдиргенине карата окуучулардын аткарган чыгармалары эң жакшы көрсөтүлүп, көрүп олтурган улуу муундардын балалык чагын эске салышты. Сот департаментинин буйругуна ылайык райондук соттун кызматкерлери 18-декабрга чейин Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышуусу зарыл.
«Бүгүнкү семинарда 11-класстарга кыргыз адабияты сабагынан жана 7-класстарга кыргыз тил сабагынан ачык сабактарды өтүп бердим жана келген конокторго концерттик кече да уюштуруп бердик», — деп билдирди Камал Надиров атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бүсайра Кыямидинова.
Жумагүл Көчкөнбаева