«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицей филиалдарында Мамлекеттик тил айлыгы башталды. Быйылкы айлык «Кыргыз тил — элдин жүрөгү, адабият — дилдин мүрөгү» деген аталышта өткөрүлүүдө. Иш-чара «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене тарбиясы, улуттук нарк» жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча жарлыктарын жетекчиликке алуу менен уюштурулууда.

Мындан тышкары, айлык бир катар залкар инсандардын юбилейлик даталарына арналды. Алардын катарында Калыгул олуя Бай уулунун 240 жылдыгы, Молдо Кылыч Шамыркан уулу менен Эшмамбет Байсейит уулунун 160 жылдыгы, тилчи-окумуштуулар Хусеин Карасаев менен Касым Тыныстановдун 125 жылдыгы, Насирдин Байтемиров менен Касым Каимовдун 100 жылдыгы, Казат Акматовдун 85 жылдыгы жана Абдыкерим Муратовдун 70 жылдыгы бар.

21-сентябрда бардык лицей филиалдарында Мамлекеттик тил айлыгынын ачылыш аземи өтүп, ага мугалимдер, окуучулар, ата-энелер жана академиялык бөлүмдүн өкүлдөрү катышты.
Айлыктын алкагында окуучулардын кыргыз тилине жана адабиятына болгон кызыгуусун арттырууга багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын арасында «Акыл ордо», «Сабаттуу бол, сулуу жаз», «Мамлекеттик тил — улут сыймыгы» аттуу сынактар жана дубал гезиттерди даярдоо, «Мыкты видео» сынагы, илимий-чыгармачылык көргөзмөлөр, улуттук оюндар, ошондой эле акын-жазуучулар, манасчылар жана тилчи-окумуштуулар менен жолугушуулар бар.


Иш-чаралардын негизги максаты — кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу менен бирге окуучулардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттыруу. Ошондой эле мамлекеттик тилдин конституциялык макамын бекемдөө, анын коомдогу ролун жогорулатуу, окуучулардын сөз байлыгын, окуу жана жазуу сабаттуулугун өркүндөтүү көздөлөт.
Ошондой эле, кыргыз тили аркылуу улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштарды мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды жана нарк-насилди баалоого, адеп-ахлакка тарбиялоо айлыктын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Маалыматты «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил боюнча координатору Жеңишбек Абдиназаров берди.