«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «И. Раззаков атындагы лицейи» филиалында социалдык тармактардагы мамлекеттик тилдин колдонулушуна арналган дебат өттү. Анда 10–11-класстын окуучулары кыргыз тилинин интернет мейкиндигиндеги өнүгүүсү жана тил тазалыгын сактоо маселелерин талкуулашты.

Иш-чара «Кыргыз тил — элдин жүрөгү, адабият — дилдин мүрөгү» аталышындагы Мамлекеттик тил айлыгынын алкагында уюштурулду. Дебатты лицейдин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил кафедрасы өткөрдү.
алкуунун жүрүшүндө командалардын спикерлери темага байланыштуу негизги терминдерге так аныктама берип, өз позицияларын — тезис жана антитезисти — жүйөлүү аргументтер менен коргошту.

Кызыктуу жана курч талкуунун жыйынтыгында «Антитезис» командасы жеңишке жетти. Команда социалдык тармактарда мамлекеттик тилди колдонууда кездешкен көйгөйлөрдү ачып көрсөтүп, тил тазалыгына жаралган коркунучтарды ишенимдүү аргументтер жана илимий далилдер менен негиздеди.
Дебатты уюштуруучу, кафедра башчысы Айкокүл Суюнованын айтымында, иш-чара жаштардын кеп маданиятын жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, дебат маданиятын калыптандырууга жана мамлекеттик тилдин виртуалдык мейкиндикте колдонулушун өркүндөтүүгө багытталган.

Ал эми лицейдин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Бибиханафия Исраилова мындай интеллектуалдык талкуулар окуучулардын эл алдында эркин сүйлөө чеберчилигин арттырып, дебат маданиятын өнүктүрүүгө жана эне тилибиздин кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Калыстар тобунун курамында дебат боюнча бир нече сынактардын жеңүүчүсү, лицейдин география мугалими Надира Каратаева жана кыргыз тили менен адабиятынын мугалимдери болушту.

Дебаттын катышуучулары мындан ары «Сапат» билим берүү мекемесинин лицей филиалдары арасында өтүүчү «Төрт тилде дебат» турниринин тандоо этабына даярданып, ага катышышат.
Маалыматты «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил боюнча координатору Жеңишбек Абдиназаров Маткаримович берди.