Кант шаарында 16 жаштагы Кутман Сыргаков уюштурган экологиялык мелдеште 101 адам катышып, жалпы салмагы 1,2 тоннадан ашык таштанды чогултулду. «Евразиялык Тазалык кубогу — 2026» эл аралык турниринин алкагында өткөн иш-чаранын жыйынтыгында жаш уюштуруучу Казань шаарындагы «ЭкоСообщество» форумуна ардактуу конок жана баяндамачы катары чакырылды.
Кутман Сыргаков «Таза оюндар» экологиялык долбоору менен 2021-жылы таанышкан. Алгач мелдештерге катышып, ыктыярчы катары уюштуруучуларга жардам берген. 2025-жылы өзү уюштуруучу болуп, Кант шаарында экологиялык оюндарды өткөрө баштаган.
«Өлкөбүздө алгачкы “Таза оюндар” 2021-жылы өткөн. Мен анда катышуучу да, ыктыярчы да болуп, уюштурууга жардам бергем. Ошондон шыктанып, 2025-жылы уюштуруучу катары келишимге кол койдум. Ошондон бери Кантта “Таза оюндарды” уюштуруп келебиз», — деди Кутман.
Мелдешке 101 адам катышты
Эл аралык турнирдин алкагындагы оюн 19-сентябрда Кант шаарындагы Д. П. Зубков атындагы № 1 мектеп-гимназиясынын жанындагы МИС эмен токоюнда өткөн. Иш-чара Кутман Сыргаков тарабынан Rhode Balance Kyrgyzstan уюму менен биргеликте уюштурулган.
Мелдешке 101 адам катышып, жалпы салмагы 1 276,5 килограмм болгон 209 кап таштанды чогултулган. Анын 63,81 пайызы өзүнчө бөлүнүп жыйналган.
Катышуучулар командаларга бөлүнүп, таштандыларды чогултуу жана түрлөрүнө жараша бөлүштүрүү тапшырмаларын аткарышкан. Алардын жыйынтыгы чогултулган таштандынын көлөмүнө, сорттоонун сапатына жана оюн тапшырмаларын аткаруусуна жараша бааланган.
«Мунун ишембиликтен кандай айырмасы бар? Интерактив абдан көп — таштанды да бир нече эсе көп чогулат. Байгелерди, белектерди, дипломдорду беребиз», — деп түшүндүрдү Кутман.
Анын айтымында, оюн учурунда катышуучулар маршрут тандап, команданын ичинде милдеттерди бөлүштүрүп, өз ара атаандаштыкта упай топтошот. Мындай формат экологиялык тазалыкты сактоого кызыгууну арттырууга багытталган.
Кутман Казань шаарындагы форумда тажрыйбасы менен бөлүшөт
Канттагы мелдешти уюштурган жаш активист Казань шаарында өтө турган «ЭкоСообщество» форумуна ардактуу конок жана баяндамачы катары чакырылган. Ал иш-чарада Кыргызстанда «Таза оюндарды» уюштуруу тажрыйбасы тууралуу айтып берет.
Форумдун алкагында жаштардын экологиялык демилгелери жана чакан шаарларды өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген экологиялык долбоорлордун өкүлдөрү тажрыйба алмашып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
«Таза оюндар» — эл аралык экологиялык долбоор
«Таза оюндар» — 2014-жылдан бери таштандыларды чогултуу жана сорттоо боюнча командалык мелдештерди уюштуруп келе жаткан эл аралык экологиялык долбоор. Долбоордун маалыматына ылайык, ушул убакка чейин 40 өлкөнүн 840 шаарында 3 500дөн ашык оюн өткөрүлүп, аларга 245 миңден ашык адам катышкан.
Мелдештер жаратылыш аймактарында квест форматында өтөт. Катышуучулар таштандыларды чогултуп, сорттоп, ар кандай тапшырмаларды аткаруу аркылуу упай топтошот. Жыйынтыктар Clean Games санарип платформасында катталат. Оюндарга катышуу акысыз.
Жергиликтүү уюштуруучулар иш-чара өтүүчү аймакты тандап, катышуучуларды жана ыктыярчыларды чогултушат. Ошондой эле чогултулган таштандыларды ташып кетүү жана кайра иштетүүгө жарактуу материалдарды тиешелүү жайларга өткөрүп берүү иштерин уюштурушат.
«Евразиялык Тазалык кубогу — 2026»
«Евразиялык Тазалык кубогу — 2026» — ар кайсы шаарларда жана өлкөлөрдө өткөрүлгөн «Таза оюндарды» бириктирген эл аралык турнир. 2026-жылдын күзүндө мелдештер Россияда, Арменияда, Беларусияда, Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда өткөн.
Командалар өз аймактарында мелдешип, жыйынтыктары Clean Games платформасындагы жалпы эл аралык рейтингге киргизилген. Турнирде чогултулган таштандылардын көлөмү жана кайра иштетүүгө жарактуу материалдар үчүн берилген упайлар эске алынган.
Быйыл уюштуруучулар үчүн кошумча сынактар да өткөрүлгөн. Алардын бири катышуучуларды каттоо жана жыйынтыктарды санарип платформага киргизүү иштерине арналса, экинчисинде таштандыларды сорттоонун сапаты жана кайра иштетүүгө жарактуу материалдарды өткөрүп берүү ырастоолору бааланган.
Турнир жөнүндө кененирээк: https://world.cleangames.org/eabr2026
Турнирдин рейтинги: https://cleangames.org/tournament/EKCh26/rating
Видео:
https://www.instagram.com/reels/DdeFbMnIBEo/
https://www.instagram.com/reels/DdgIf2WoNbB/
Даярдаган: Венера Шонкоева