2026-жылдын 1-октябрынан тартып өлкө боюнча пенсиянын өлчөмү жогорулайт. Бул чечим пенсионерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында кабыл алынган.Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 20 пайызга, башкача айтканда 1,20 коэффициентине индексацияланат. Анын натыйжасында өлкөдө минималдуу пенсиянын өлчөмү мурдагы 7 миң 100 сомдон 8 миң 800 сомго чейин жогорулайт.

Жалпы республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 12 миң 898 сомду түзүп, ар бир пенсионердин пенсиясына орточо эсеп менен 1 миң 753 сом кошулат.

Мындан тышкары, ар бир пенсионердин пенсиясына кошула турган сумма кеминде 1 миң сомду түзөт. Ал эми максималдуу кошумча сумма 10 миң сомдон ашпайт.


Октябрь айынан тартып пенсионерлер жаңыланган пенсияларын өз убагында алышы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эсептөө жана кайра эсептөө иштери жүргүзүлүүдө.
Даярдаган: Азема Сабырбекова