25-октябрь күнү Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүндө Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, аялдардын демилгелүү тобу, мектеп жетекчилиги, социалдык педагогдор, ата-энелер жана окуучулар менен биргеликте чыр чатактын алдын алуу максатында иш-чара уюштурулду.
Мында 9-класстын окуучулары чыр чатактын келип чыгуу кесепеттерин сценка аркылуу көргөзүп беришти.
Өтүлгөн иш-чарада окуучулар өздөрүнүн коопсуздугу тууралуу, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалыматтарды, өзү үчүн коопсуз чөйрөнү түзүүнү биле алышты.
Элиза Жумакалыева