Ара-Көл айылынын тургундары «жамгыр жаасын» деп бата тилешти
Ара-Көл айылынын тургундары 17-май күнү жамгырга түлө беришти. Айылда 100 түтүн чогулуп, мечитке олтурушту. «Жаан жаап, күзүндө кырманыбыз данга толсун, элде токчулук, тынчтык болсун»-деп бата тилешти.