Тимур Каипбек уулу асыл тукум Арашан койлорун жайылтуу, багуу боюнча мээнеткеч, селекционер фермер болуп саналат. «Эт жана май багытындагы асыл тукум кыргыз койлорунун» көргөзмөсүндө байгелүү орундарды камсыз кылып келет.
Ара- Көл айылындагы асыл тукум мал чарбасы боюнча жеке ишкер Тимур Каипбек уулунун мал короосунда болдук.
Анда 1997-жылдан бери селекция жолу менен багып келе жаткан Арашан койлорун көрдүк. Эт жана май багытындагы мындай койлор жергиликтүү шартка чыдамдуу жана ылайыктуу. Бул Гиссар жана кыргыздын кылчык жүндүү койлорунун аргынынан пайда болгон тукум. Азыр короодо линиясы Коробль, Хан аттуу Арашан кочкору бар. Боюу 98 см, салмагы 168 кгдык. 2022-жылы Жумгал районунда өткөн «Эт жана май багытындагы асыл тукум кыргыз койлорунун» көргөзмөсүндө байгелүү биринчи орунду алган. Жакынкы аралыкта да Нарын облустук көргөзмөсүндө каймана аты Кара абсолют коюу 1- орунду, салмагы боюнча алды. Короодогу Арашан койлор нечен сынакта байгелүү 1-2-орундардан түшпөй, ээ болуп келет.
Мындан башка да короодо Каймана аттуу кочкорлордон Хан, Найза, Боря, ургаачы койдон Тоо кой, Кара, Кара каш жана башка 3-4 айлык козулардан Карагат, Вася, Нур, Ала аяк жана башка арашан койлору багылат. Багууга ыңгайлуу. Тирүүлөй салмагы өтө эле чоң. Гиссар койлоруна тең тайлаш. Кээде ашып кетет. Төшү кең, куйругу чоң. Токтулары эле 80-90кг, тукум ала тургандары 200го чейин жетет. Тимур Каипбек уулу Арашан койлорунун тукумун көбөйтүү жана жайылтуу боюнча фермерлердин бирден бири.
Алибек Каипбеков, Залкар Сатыбеков