Кочкор районунда “Жайылма токойлорун коргоо жана сактоодо жергиликтүү жамааттын ролун күчөтүү” долбоорунун алкагында конференция уюштурулду. Иш-чара «Мирбек- Нур» коомдук фонду тарабынан аткарылды. ГЭФ БУУОПнын чакан гранттар программасынын ICCAGSI Глобалдык демилгесинин колдоосу менен жана Германия айлана чөйрө жана ядролук коопсуздук Федералдык министрлигинин каржылоосу менен иш жүзүнө ашырылып жаткан “Жайылма токойлорун коргоо жана сактоодо жергиликтүү жамааттын ролун күчөтүү” долбоорунун алкагында конференция Кочкор районунда уюштурулду.
Конференциянын катышуучулары
Конференцияда элеттин экосистемасын когоо менен элдин экономикасын көтөрүү үчүн «Мирбек – Нур» коомдук фонду Кочкор районунда жайылма токойлордо кичи корук уюштуруп, агро токой чарбасын түптөп ал жерлерге малина, карагат, тикенеги жок чычырканактын көчөттөрүн отургузуп жана кичи балык чарба уюштургандыгы боюнча ошону менен бирге Кочкор районундагы Ж. Тойгомбев атындагы №15 кесиптик лицейинин базасында Жамаатык мултимедия борборун уюштуруп, лицейдин жер тилкесине алма бакча уюштургандыгы тууралуу уюмдун жетекчиси Алмазбек Раев презентация жасады.
Мирбек — Нур коомдук фондунун жетекчиси Алмазбек Раев
Конференциянын уланышында Кыргызстандын ГЭФ БУУОПнын координатору Нурлан Шаршенкулов өздөрү каржылаган долбоорлор жонүндө сөз салды.
Кыргызстандагы ГЭФ БУУОПнын координатору Нурлан Шаршенкулов
Эколог эксперт Илья Дашманов биздин жайылма (Бадалдуу) токойлордун абалы жана келесеги боюнча, Нурлан Исмаилов Жети — Озүз районунун Дархан айылынын кичи коругун, Эрмек Шабыкеев Тоң районундагы “Ак Булуң” Эко кичи коругу боюнча тааныштырышып презентация жасашып өзүлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Эколог эксперт Илья Дамашов
Ж. Тойгомбев атындагы №15 кесиптик лицейинин директору Уланбек Бердигул уулу
Бегайым Мурзалиева Ат – Башы районунда генетикалык ресурстар боюнча киреше булагын колдонуу жана табиякга зыян келтирбөө жөнүндө презентация жасады.
Бегайым Мурзалиева
Конференция учуру
Төлөн Токтосунова, Кундуз Белек кызы