Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борборунан 25 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте, тоонун боорунан орун алган «Чоң Туз» шахтасында баалуу туз кени бар. Даарылык касиети мол, дартка даба болуп келген жай. Өнөкөт оорулары менен жабыркап келгендердин көпчүлүк бөлүгү ушул жерден дарыланып кетишет. Көп келген өлкөлөрдүн катарын Казахстан, Россия мамлекеттери түзөт.
Малика Жумабекова