Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Шакин Айылчиева небересин Рамазан Ишеновду эмгекке тарбиялайт. Бул келечекте чоң жардамы тийет деген үмүттө. Рамазан болгону 6 жашта. Кичинекей болгонуна карабастан абдан чыйрак.
Шакин Айылчиева: «Коёнду сентябрдан баштап багып келе жатабыз. Азыр бизде жалпысынан 2 породадагы 8 коён бар. Алар көк, жашыл, күрөң жана кара түстөгү коёндор. Негизинен коёнду менин неберем Рамазан экөөбүз багабыз. Мен жок болуп калган күндөрү балам өзү карап, жемдерин берип турат. Коён тууганда бөжөгү кызыл өндө, териси жок туулат, бөжөгү үшүбөш үчүн өзүнүн боорундагы терисин жулуп бөжөгүн ага оройт. Азырынча алар ургаачы жана эркектерин өз-өзүнчө бөлүп коюшат, себеби коёндорду чогуу камап койсо бири — бири менен тытышып балдарын жеп салышы мүмкүн».
Шакин Айылчиева небересине көптөгөн иштерди үйрөтүп, эмгекчил бала болуусун каалайт. Рамазан азыркы учурда чон энесине каралашып, ар бир ишке жардам берип турат. Андан тышкары сөөлжан багуу менен алектенип, сөөлжанга кык, суу берип, аны жер семирткич катары колдонуп чарбачылык кылышат. Небереси Рамазан ийгиликтерге, койгон максаттарына жетиши үчүн чоң энеси көптөгөн аракеттерди жасап, ага ар дайым жардам берүүгө даяр.
Коёндон тышкары гумус сөөлжанын багышат. Аны үй чарбасында колдонуп, кышкысын жерге көмүп жылуулап жаап коюшат
Айдана Сайнидинова, Акылай Нурдинова, Перизат Бектурсунова