Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканачысы Гүлжан Шаршееванын иши тууралуу төмөндөгүлөрдү маалымдады. Китепканачы жыл башында китеп таратып, жыл аягында чогултуудан башка кызматы кандай?

Гүлжан Шаршеева китепканачы
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканасы тууралуу Гүлжан Шаршеева:
“Мен Корчубек Акназаров атындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканачысы болуп иштейм. Китепканада 2000дей окуу китептери, 1000ден ашык көркөм окуу китептери бар. Көркөм окуу китептери жетиштүү деп айтсам болот. Убагы менен жаны китептер келип турат.
Жакында эле «Окуу керемет», «Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагында китептер келди. Окуучулар күнүгө карточка менен алып окуп турушат. Окугангандан кийин сөзсүз сурайм эмнени түшүшдүн, эмнесин жактырдын. Баардык эле окуучу бирдей эмес. Кээ бирөө таза колдонуп чынында китепти сүйүп окуган балдар жана кыздар бар. Жөн эле кызыкчылык үчүн алып, айрып, кайтарбай койгон окуучулар да бар. Мен ишиме эртен мененки 8:30да келип саат 2:30га чейин иштейм. Балгалгыч класстын окуучулар келип калса, алар менен 4:30га чейин китеп окуп кетебиз”.

Иш орду

2000ден ашык окуу китептер, 1000ден ашуун көркөм окуу китептери бар

Иш күнүмдү китеп менен өткөзөм
Аяна Эрланова, Касиет Чолпонкулова