Кочкор айылында жеке демилге менен англис тилин үйрөтүү борбору ачылып, жергиликтүү жаштар жана мектеп окуучулар үчүн жаңы билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул борбор заман талабына ылайык уюштурулуп, окуучуларга сапаттуу билим берүү максатын көздөйт.

Борбордун негиздөөчүлөрү Венера Сүйналиева жана Айза Эсенбекова төрт ай мурун «Булак » окуу борборун ачып, калоочуларга өздөрүнүн эшигин ачык деп жарыялашты.

Венера Сүйналиева борбор жөнүндө кенен маалымат берип кетти:»Борбордо азыркы учурда үч тайпа билим алып жатат. Бул башталгыч тайпа 3- 5- класска чейинки окуган окуучулар. Орто тайпа бул 6-11- класстагы балдар жана улантуучу тайпа. Окуучуларды биз ооз-эки суроолор аркылуу деңгээлин аныктап тайпаларга бөлөбүз. Мындан тышкары алардын жаш өзгөчөлүктөрүн, максаттарын эске алып окутууну баштайбыз.

Венера Сүйналиева окуучулары менен
Биз сабактарда коммуникативдик методика менен иштейбиз жана негизги көңүлдү окуучулардын сүйлөө жөндөмүнө бурабыз. Ошондой эле өзүбүздүн автордук окуу китепти колдонобуз. Бул китеп биздин окуучулардын деңгээлине, муктаждыгына жана максаттарына ылайык атайын иштелип чыккан. Жөнөкөй жана түшүнүктүү десем болот. Ар бир деңгээлге өзүнчө китеп каралган. Китеп боюнча айта кетсем, жөн гана эрежелерди, тексттерди камтыбастан Listening камтылган, онлайн жана оффлайн сабактагы окуучулардын өтүнүчү боюнча ар бир угуричинин ичинде QR-код каралган, ал абдан ынгайлуу, кайсы жерде болбосоң дагы QRды скандап алып бир нече жолу угуп алып, түшүнүп алсаң болот.

Биз окуучуларга жөн гана теория эмес, реалдуу жашоодо колдонуучу англис тилин үйрөтөбүз. Биздин борбор ачылганына бир аз убакыт болгонуна карабастан окуучуларыбыз республикалык SmartCo олимпиадасына катышып эң мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп 90-80 балл топтоп, экинчи турга өтүштү.»
Ал эми англис тилин окуп жаткан Калыгул Бай атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Толгонай Суйумбаева эмне себептен » Булак» окуу борборун тандаганын айтып берди.

Толгонай Сүйүмбаева «Булак» окуу борборунун окуучусу
«Үч айдан бери англис тили борборунда окуп келем. Бул убакыт ичинде мен үчүн көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду жана англис тилин үйрөнүүгө кызыгуум дагы да артты. Англис тилин мурун жакшы түшүнбөй , эми болсо жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзүүгө жана өз оюмду билдирүүгө үйрөндүм. Бул мен үчүн чоң жетишкендик болду. Бул борбордогу мугалимдер жаш, креативдүү жана окутуу методикасы абдан жөнөкөй жана эффективдүү. Окуучулар менен активдүү иш алып барып, ар бир теманы түшүнүктүү кылып түшүндүрүшөт. Ошондой эле алардын тажрыйбалуу болушу сабактын сапатын дагы да жогорулатат. Келечектеги максатым-IT адиси же педагог болгум келет. Бул максаттарга жетүү үчүн англис тилин билүү абдан маанилүү жана ал мага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.»
Жеке англис тили борборунун ачылышы-бул жергиликтүү жаштар үчүн келечекке карай чоң кадам жана Кочкор айылынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп күтүлүүдө.
Даярдагандар: Райана Жумадилова, Мадина Тилекова