Экологиялык маданиятты калыптандырган ири долбоор ишке ашты.Шарыпбек Абдылдаев атындагы мектебинде өзгөчө мааниге ээ болгон экологиялык иш-чара өткөрүлдү. Бул жөн гана көчөт отургузуу эмес бул келечекке болгон инвестиция, жаш муундун аң-сезимине таасир эткен чоң тарбиялык процесс болду.

Мектеп директору Кайыркүл Абдыракманова

алма, өрүктүн көчөттөрү
Бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан каржыланып, “Мерсико” уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды. Демилгенин негизги максаты экологиялык абалды жакшыртуу менен катар окуучуларга практикалык билим берүү, эмгекке тарбиялоо жана жаратылышка болгон жоопкерчиликти калыптандыруу.
Мектеп директору Кайыргүл Абдыракманова долбоордун маанисине токтолуп, анын тарбиялык ролу чоң экенин белгиледи:
«Бул жөн гана бак отургузуу эмес. Бул — балдардын келечекке болгон көз карашын өзгөрткөн иш. Биз “Мерсико” уюму менен көп жылдан бери кызматташып келебиз. Бул долбоор ошол иштердин уландысы болуп саналат», — деди ал.
Иштин эң татаал бөлүгү жер даярдоо болду. Адистер топурактын курамын текшерип, анын туздуу экенин аныкташкан. Бул өсүмдүктөр үчүн тоскоолдук жаратышы мүмкүн эле. Ошого карабастан, атайын агротехникалык чаралар көрүлүп, жер айдалып, органикалык жер семирткичтер кошулган. Ар бир чуңкур 80 сантиметр тереңдикте жана 80 сантиметр туурасында казылып, көчөттөрдү туура отургузуу боюнча окутуулар өткөрүлгөн.
Иш-чаранын өзгөчөлүгү жамааттык эмгек болду. Мектептин мугалимдери, окуучулары жана техникалык кызматкерлери бир максатта биригип, чоң ишти аткарышты. Бул тууралуу дене тарбия мугалими Амантур Бейшенбеков мындай деди:
«Бул иш-чарада ар ким өз салымын кошту. Окуучулар чуңкур казып, жер семирткич ташып келишти, көчөттөрдү отургузушту. Азыр да бактарды сугарууга жардам берип жатышат. Бул — биримдиктин жана жоопкерчиликтин үлгүсү», — деди ал.
Иш-чара учурунда окуучулардын ынтымагы өзгөчө байкалды. Айрымдары үйлөрүнөн жер семирткич алып келишсе, башкалары суу ташып, көчөттөрдү отургузууга активдүү катышышты. Тамак-аш жана суу менен камсыздоо да мектеп жамаатынын жана окуучулардын демилгеси менен уюштурулду.
9-класстын окуучусу Нурмухаммед Амантуров жер казуу иши оңой болбогонун белгиледи:
«Жер абдан катуу болду, казуу кыйын болду. Үч күн бою сабактан кийин да иштедик. Бирок жыйынтыгында баарыбыз чоң ишти бүтүргөндөй болдук», — деди ал.
Ал эми 8-класстын окуучусу Жанболот Үсөнбаев бул иш-чара практикалык билим бергенин айтты:
«Биз көчөттү кантип туура отургузууну, канча тереңдикте казуу керектигин жана кантип багуу керектигин үйрөндүк. Бул биз үчүн чыныгы практика болду», — деди ал.
Даярдаган: Кубатбек Калкбердиев
Сүрөткө тарткан: Нурел Таалайбеков, Жанболот Үсөнбаев