Кочкор районунда жайгашкан Кара-Тоо айылында 4 миңден ашуун калк жашайт. Бүгүн аталган айылда Кара-Тоо жамааттык медиасы өз ишин баштады.
Жаңы медиа борборунун жетекчиси башталгыч класстардын мугалими Света Өмүркулова. Анын жетекчилиги алдында окуудан өткөн окуучулар эми айылдын жана мектептин жаңылыктарын мультимедия форматында даярдап, коомчулукка сунушташат. Окутууга 18 окуучу катышып, жаңылык азуу, интервью алуу, видеого жана фотого тартуу боюнча билимдерди алышты.

Света Өмүркулова
Света Өмүркулованын айтымында мындай медиа алар үчүн жакшы саамалык:
“Азыр адамдардын баары социалдык тармактарды колдонушат, биз социалдык тармактар аркылуу айылдын көйгөйлөрүн, ийгиликтерин чагылдырууга аракет кылабыз. Биздин айыл чоң медиалар тарабынан чагылдырылбайт, анткени алыс жайгашканбыз, ошондуктан өзүбүз болгон маалыматтарды чагылдырып турабыз.»-деди Өмүркулова.
Кара-Тоо жамааттык медиасы ИСУР коомдук фондусунун колдоосу менен керектүү техникалык жабдыктар (ноутбук, петличка, смартфондор) менен камсыздалган. Атайы окуудан өткөн окуучулар макала жазып, аудио-интервью алып, социлдык тармактарга (Instagram, Facebook) жана атайын веб-порталдарга жайгаштырышат.
ИСУР коомдук фондусунун өкүлү Анара Момунова бул демилге жаратылышты коргоо жана экологиялык көйгөйлөрдү көтөрүү максатын да көздөй турганын белгиледи:
«Азыр малдын саны көбөйүп жатат. Бул жайыттарды туура пайдалануу маселесин жаратууда. Мисалы, Соң-Көл жайлоосуна малды 25-июндан кийин гана чыгаруу керек. Бирок айрым учурда мал эрте айдалып, чөптүн өсүшүнө тоскоолдук жаралат. Бул жайыттардын деградациясына алып келет», — деди ал.
Анын айтымында, мультимедиа борбору аркылуу окуучулар дал ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырган материалдарды даярдап, коомчулукка жеткиришет.

Анара Момунова
Кара-Тоо жамааттык медиа борбору жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү чагылдырган, айыл тургундарына маалымат жеткирген жана жаштарды журналистикага, медиа жана маалыматтык сабаттуулукка үйрөткөн аянтча болуп саналат.
Окууга катышкан жаш кабарчылардын бири Кубатбек Калкбердиев бул багыт ага өзгөчө кызык экенин белгиледи.
«Мен маек алганды, видеого жана сүрөткө тартканды жакшы көрөм. Айылдагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, элге жеткиргим келет», — деди ал.

Кубатбек Калкбердиев
Даярдагандар: Акылай Мусилимова, Асылзат Ашырбекова, Алия Абдыкеримова, Дарика Талантбек кызы, Жоодар Насиров, Алихан Табылдиев