14-апрелде Шарыпбек Абдылдаев атындагы мектепте «Апам жана мен» аттуу таймаш өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты апа менен кыздын ортосундагы байланышты чыңдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо жана улуттук каада-салттарды жайылтуу болду.

Сынак учурунда
Таймашты мектептин кыздар кеңешинин башчысы Назира Токтобекова уюштурган. Анын айтымында, бул иш-чара окуучулардын сахна маданиятын өнүктүрүп, катылып жаткан таланттарын ачууга да өбөлгө түзөт:
«Сынакты кыз менен эненин ортосундагы байланышты бекемдөө, унутта калган улуттук каада-салттарды жандандыруу максатында уюштурдук. Мындан тышкары окуучулардын сахнада өзүн алып жүрүүсүн өнүктүрүү да маанилүү болду», — деди ал.
Таймаш бир нече этаптан турду. Катышуучулар чач өрүү, курак куроо, камыр жайуу, кийим үтүктөө жана чыгармачылык өнөр көрсөтүү боюнча күч сынашты.
Назира Токтобекованын белгилешинче, бул этаптар кыргыз элинин улуттук салттары менен тыгыз байланышта
чач өрүү кызды аздектөөнүн белгиси болсо, курак куроо оюу-чиймелер аркылуу табияттын, анын ичинде аркар-кулжалардын мүйүздөрүн жана Ала-Тоонун көрүнүшүн чагылдырган өзгөчө өнөр.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты:
1-орун — үн күчөткүч
2-орун — жылнаама
3-орун — гүл идиш
Биринчи орунду Махабат Асанбекова кызы менен бирге жеңип алды. Анын айтымында, бул сынак алардын ортосундагы жакындыкты дагы да бекемдеди:
«Кызым экөөбүздүн чогуу ырдаганыбыз өзгөчө жакты. Бул апа менен кыздын байланышын чыңдайт. Чач өрүү этабында интернеттен үйрөнгөн ыкмаларды колдонуп, кызымдын чачын өзгөчө стилде өрүп бердим», — деди жеңүүчү.
Жеңүүчүнүн кызы Үмүт Муратова да бул сынак биринчи жолу уюштурулуп, алгачкы катышуучу болгонуна сүйүнөт. Иш-чара ага жаңы тажрыйба бергенин белгиледи.
«Апам менен сахнага чыгып, бирге иштөөнү үйрөндүк. Камыр жайуунун түрлөрүн, чач өрүүнүн ыкмаларын билдик. Мындай сынактар дагы көп уюштурулса жакшы болмок», — деди ал.
Ал эми таймашка катышкан башка ата-энелер да белектер менен сыйланышты.

Даярдагандар: Перизат Канатбекова, Кымбат Асанкулова, Жанара Бейшенбекова, Садык Жээнбеков, Эмилбек уулу Али, Бермет Сергекова