Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Росатом мамлекеттик корпорациясы “Кристалл” заводуна байланыштуу долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулады. Жумушчу жолугушууда объектти коопсуз абалга келтирүү үчүн технологиялык чечимдер жана тазалоо иш-чаралары каралды.

Тараптар завод аймагында топтолгон кооптуу химиялык заттарды иштетүүнүн эң оптималдуу жана коопсуз ыкмаларын сунушташты. Бул сунуштар КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан да колдоого алынды.
Алгачкы этапта заводдогу технологиялык жабдуулар экологиялык жактан коопсуз абалга келтирилет. Иштер суук мезгилде жүргүзүлүп, резервуарлар атайын азоттук коргоо менен ачылат. Бул ыкма кооптуу заттардын атмосферага чыгуу тобокелдигин азайтат.
Мындан тышкары, эки катмарлуу аварияга каршы коргоо системасы түзүлүп, көз карандысыз экологиялык көзөмөл камсыздалат. 2026-жылдын аягына чейин жабдуулардын абалын турукташтыруу жана кооптуу заттар менен иштөөгө коопсуз шарт түзүү пландалууда.
ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаевдин айтымында, негизги максат Таш-Көмүр шаарынын тургундары үчүн экологиялык коркунучтарды жоюу жана аймактагы өзгөчө кырдаалды толук жоюу.
Ал эми “Росатомдун” өкүлү Андрей Лебедев белгилегендей, адистер кооптуу заттарды зыянсыздандыруунун сегиз технологиясын изилдеп чыгып, эң натыйжалуу ыкманы тандашты. Долбоордун алкагында ар бир этапта көз карандысыз мониторинг жүргүзүлөт.
2027-жылы долбоордун экинчи этабы башталып, кооптуу заттарды жеринде нейтралдаштыруу иштери жүргүзүлөт. Учурда технологиялык регламент Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында каралууда.
Белгилей кетсек, “Кристалл” заводу 1989-жылы поликристалл кремний өндүрүү үчүн курулган. Учурда ал айлана-чөйрөгө коркунуч жараткан объект катары бааланууда. Завод 2010-жылдан бери банкрот болуп саналат.
Акыркы техникалык аудитке ылайык, завод аймагында 155 тоннага жакын кооптуу химиялык калдыктар сакталган. Узак убакыт колдонулбай калган резервуарлар эскирип, авария коркунучу жогорулаган.